Дика Кара - Каакымдын балдарына. Турмуш, анын баалуулуктары жана шамал жөнүндө

Тут можно читать онлайн Дика Кара - Каакымдын балдарына. Турмуш, анын баалуулуктары жана шамал жөнүндө - бесплатно ознакомительный отрывок. Жанр: Прочая детская литература. Здесь Вы можете читать ознакомительный отрывок из книги онлайн без регистрации и SMS на сайте лучшей интернет библиотеки ЛибКинг или прочесть краткое содержание (суть), предисловие и аннотацию. Так же сможете купить и скачать торрент в электронном формате fb2, найти и слушать аудиокнигу на русском языке или узнать сколько частей в серии и всего страниц в публикации. Читателям доступно смотреть обложку, картинки, описание и отзывы (комментарии) о произведении.
  • Название:
    Каакымдын балдарына. Турмуш, анын баалуулуктары жана шамал жөнүндө
  • Автор:
  • Жанр:
  • Издательство:
    неизвестно
  • Год:
    неизвестен
  • ISBN:
    9785005560735
  • Рейтинг:
    4/5. Голосов: 11
  • Избранное:
    Добавить в избранное
  • Отзывы:
  • Ваша оценка:
    • 80
    • 1
    • 2
    • 3
    • 4
    • 5

Дика Кара - Каакымдын балдарына. Турмуш, анын баалуулуктары жана шамал жөнүндө краткое содержание

Каакымдын балдарына. Турмуш, анын баалуулуктары жана шамал жөнүндө - описание и краткое содержание, автор Дика Кара, читайте бесплатно онлайн на сайте электронной библиотеки LibKing.Ru
Алдыңыздарга ата-энелик мээримдин, сүйүүнүн зор күчүнө, үй-бүлөгө, үй-бүлөлүк баалуулуктарга жана татаал тандоого арналган абдан жакшы, таасирдүү накыл кеп маанисинде аңгеме-жомок тартууланат. Бул накыл кеп көбүнө тааныш жана жакын болгон аруу сезимдер тууралуу болмокчу. Сиздерге тартууланып жаткан аңгеме-жомок турмуштун чындыгы жана тагдыр шамалы жөнүндө болмокчу.

Каакымдын балдарына. Турмуш, анын баалуулуктары жана шамал жөнүндө - читать онлайн бесплатно ознакомительный отрывок

Каакымдын балдарына. Турмуш, анын баалуулуктары жана шамал жөнүндө - читать книгу онлайн бесплатно (ознакомительный отрывок), автор Дика Кара
Тёмная тема
Сбросить

Интервал:

Закладка:

Сделать

Каакымдын балдарына

Турмуш, анын баалуулуктары жана шамал жөнүндө

Дика Кара

Перевод книги «Детям одуванчиков» (автор Дика Кара) с русского на кыргызский язык

Переводчик Анвар Жолдошбаев

© Дика Кара, 2021

© Анвар Жолдошбаев, перевод, 2021

ISBN 978-5-0055-6073-5

Создано в интеллектуальной издательской системе Ridero

Кеч кирип бара жаткан.

Күндүзгү аптаптын ордуна жайбаракат кечки салкын келип, бардык тирүү жандар жеңилдеп калышты.

Өсүмдүктөр жана жаныбарлар уйкуга даярданышып, быжыраган чымын-чиркейлер кечки сейилге чыгышты.

Ошол маалда карып калган Каакым чоң ата небере каакымдарга кеп айтмакчы болот:

– Илгерки каакымдар турмуштун эң башкы баалууулуктарынын бири – өз ыктыярың менен тандоо эркиндиги жана шамалдын оң багыты деп айтышкан, бирок мен аны шарттуу түрдө гана кабыл алам. Эң башкы баалуулук – жаныңда өсүп турган ата-энеңдин жалбырагы!

Небере каакымдар таң калып бири-бирин карап коюшту.

– Чоң ата, эмнеге ата-эненин жалбырагы башкы баалуулук? – деди небере каакымдардын бири.

– Азырынча сурабай эле койгула, убагы келгенде түшүнөсүңөр – деп, Каакым чоң ата күңкүлдөп койду, ичинен дагы «азырынча эрте, боюңар жете элек,» – деди. Анан үнүн жоон чыгарып, «жаткыла, кеч болуп калды,» – деп кошумчалады.

Каакым неберелердин бири чоң атасынын сөзүн эстеп, такыр уктай албай койду.

– Чоң ата, айткан сөзүңдү кайталап, түшүндүрүп берсең эмне болмок эле. Билгениң менен бөлүшүп койчу!

– Билгеним мененби? – деди чоң атасы, көзүн ачпай.

– Айтып бересиңби?

– Макул, ук анда – деди да, бир эстеп алып аңгемесин жайбаракат айта баштады.

Ажайып тоонун бир боорунда каакымдар жашаган экен. Ал боорукер жандар таза абада күндүн энелик мээриминде, талыкпас камкордугунда өсүшкөн экен.

Жаздын апрель айында карлар эрип, каакымдар жапырт өнүп, күндүн нурларында жайкалып турушту. Жаныбарлар, куштар жана ары-бери өткөн сейрек жолоочулар аларды таңыркап карашат. Каакымдар күнгө жүзүн буруп, ар бир күндөн ыракат алып, дүйнөгө күлүмсүрөп мээримин чачышат.

Күндүн биринчи нурлары менен каакымдар таттуу уйкудан ойгонушуп, биринин артынан бири керилип-чоюлуп, сары тебетейлерин жайкалтып кийишет. Күн батканда алар жорткон, учкан, сойлогон, жөрмөлөгөн бардык жандыктарга таттуу уйку, бейпил түн каалап, мемиреп уктап калышат эле.

Ошентип күндөр өтүп жаткан.

Апрель айынын артынан жылуу май айы келип, кичинекей каакымдар бойго жеткен каакым мырза жана каакым бийкеч болушту. Алар бири-бири менен сүйлөшүп, анан үй-бүлө куруп, бала-чака тууралуу ойлоно башташты. Июнь айындагы ысык келип-келбей, алар ата-эне болушуп, анын артынан июль аптабы да келип калды.

Конец ознакомительного фрагмента.

Текст предоставлен ООО «ЛитРес».

Прочитайте эту книгу целиком, на ЛитРес.

Безопасно оплатить книгу можно банковской картой Visa, MasterCard, Maestro, со счета мобильного телефона, с платежного терминала, в салоне МТС или Связной, через PayPal, WebMoney, Яндекс.Деньги, QIWI Кошелек, бонусными картами или другим удобным Вам способом.

Тёмная тема
Сбросить

Интервал:

Закладка:

Сделать


Дика Кара читать все книги автора по порядку

Дика Кара - все книги автора в одном месте читать по порядку полные версии на сайте онлайн библиотеки LibKing.




Каакымдын балдарына. Турмуш, анын баалуулуктары жана шамал жөнүндө отзывы


Отзывы читателей о книге Каакымдын балдарына. Турмуш, анын баалуулуктары жана шамал жөнүндө, автор: Дика Кара. Читайте комментарии и мнения людей о произведении.


Понравилась книга? Поделитесь впечатлениями - оставьте Ваш отзыв или расскажите друзьям

Напишите свой комментарий
x