LibKing » Книги » sci_juris » Кубан Чороев - Манифест. Кыргызстандагы насыя алуучуларынын укугун коргоо элдик кыймылынын манифести

Кубан Чороев - Манифест. Кыргызстандагы насыя алуучуларынын укугун коргоо элдик кыймылынын манифести

Тут можно читать онлайн Кубан Чороев - Манифест. Кыргызстандагы насыя алуучуларынын укугун коргоо элдик кыймылынын манифести - бесплатно ознакомительный отрывок. Жанр: Juris, издательство Литагент Ридеро. Здесь Вы можете читать ознакомительный отрывок из книги ознакомительный отрывок из книги онлайн без регистрации и SMS на сайте LibKing.Ru (ЛибКинг) или прочесть краткое содержание, предисловие (аннотацию), описание и ознакомиться с отзывами (комментариями) о произведении.
Кубан Чороев - Манифест. Кыргызстандагы насыя алуучуларынын укугун коргоо элдик кыймылынын манифести
  • Название:
    Манифест. Кыргызстандагы насыя алуучуларынын укугун коргоо элдик кыймылынын манифести
  • Автор:
  • Жанр:
  • Издательство:
    Литагент Ридеро
  • Год:
    неизвестен
  • ISBN:
    9785448321269
  • Рейтинг:
    3/5. Голосов: 11
  • Избранное:
    Добавить в избранное
  • Ваша оценка:

Кубан Чороев - Манифест. Кыргызстандагы насыя алуучуларынын укугун коргоо элдик кыймылынын манифести краткое содержание

Манифест. Кыргызстандагы насыя алуучуларынын укугун коргоо элдик кыймылынын манифести - описание и краткое содержание, автор Кубан Чороев, читайте бесплатно онлайн на сайте электронной библиотеки LibKing.Ru
Колуӊардагы китепте экономист Кубан Чороевдин Кыргызстандагы Улуттук банк башында турган акча системасына жана анын кыргыз элине кылып жаткан кыянаттык саясатына болгон көз караштарын чагылдырган ММКларга жарыяланган макалалары жана интервьюлары жыйнак түрүндө берилген. Ошондой эле Кыргызстандагы насыя алуучулардын укугун коргоо элдик кыймылынын эки манифести теӊ жарыяланган. Манифест бүгүнкү күндө жүз миӊдеген жарандын колдоосуна ээ болду. Эми манифестти ишке ашыруу элдин колунда.

Манифест. Кыргызстандагы насыя алуучуларынын укугун коргоо элдик кыймылынын манифести - читать онлайн бесплатно ознакомительный отрывок

Манифест. Кыргызстандагы насыя алуучуларынын укугун коргоо элдик кыймылынын манифести - читать книгу онлайн бесплатно (ознакомительный отрывок), автор Кубан Чороев
Тёмная тема

Шрифт:

Сбросить

Интервал:

Закладка:

Сделать

Эми бул жерде мен бул валюталык башкаруу системасы кандай натыйжаларга алып келерин кыскача атап өтөйүн:

– Кыргызстан ѳз валюталык резервдерин ѳзү башкарып калат жана тышкы башкаруудан толугу менен чыгат;

– Сомдун долларга болгон курсу аталган Араб өлкөлөрдүкүндөй түбөлүктүү болот;

– Кыргызстанда баалардын ѳсүшү жылына 1—3% гана түзүп калат да финансылык стабилдүүлүк орнойт;

– Банктарда насыялар арзандайт жана проценттер төмөндөп, ишкерлерге жана айыл чарбасына жакшы жагдайлар түзүлөт;

– Финансалык туруктуулук өлкөдө экономикалык активдүүлүктү, инвестициялардын келишине жана экономикалык өсүшкө алып келет;

– Сом Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлѳрдүн арасында эң стабилдүү валютага айланып, кадыр-баркы ѳсѳт;

– Кыргыз экономикасы долларлашуу процессинен толугу менен арылат, эл сом менен иштеп, кирешесин сом менен гана сактап калат, анткени анын курсу доллардыкы менен түбѳлүктүү бир курс болуп калат;

– Валюталык башкаруу системасына өткөндѳн кийин «алтын сом» валютасын киргизүү оңой болуп калат, ал үчүн кийин жакшы кырдаал түзүлгөндө, валюталык резервдеги долларды алтынга алмаштырып, сомду алтынга байлап койсо болот.

Сөзүмдүн акырында байыркы кытай акылмандарынын айтканын мисал келтиргим келет: «Дарак тиккенге эң жакшы убакыт жыйырма жыл мурун болчу, ал эми андан кийинки эң жакшы убакыт бүгүн». Эгерде бүгүнкү күнү бийлик башындагылар жакшылап ойлонуп, Улуттук банкты реформалап жана акча реформасын жасабаса, ал эми Улуттук банк азыр элге жасап жаткан кыянаттыгын уланта берсе, Кыргыз мамлекети абдан кооптуу экономикалык депрессияга туш болоору айкын. Карап, байкап кѳргүлөчү, бүгүн банктар ипотека насыяларын токтотуп коюшту, курулуш секторунда каатчылык башталды, ишкерлерг е насыялар кымбаттап кетти, фермерлерге кредиттер кымбат, кийим тигүүчүлѳр рублдин девальвациясынан жабыркады, соода-сатык жана экономикалык активдүүлүүк төмөндөп баратат…

«Акча системабызды Улуттук банкты реформалоо менен гана бүгүнкү оор кырдаалдан чыгып кете алабыз»

Бишкек, 23-ноябрь, 2015 /Дайырбек Мейманов-Кабар/.«Бүгүнкү күндѳ доллардын кымбаттоосу экономикабызда ѳтѳ оор кырдаалды түздү. Ал эми экономикалык кризис ѳлкѳдѳ баардык социалдык ооруларды ырбатып, жумушсуздукту, жакырчылыкты, улуттун саламаттыгынын начарлашын, кылмыштуулуктун, ички жана тышкы миграциянын, каралбаган балдар жана жалгыз калган карылардын кѳбѳйүшүн шарттайт. Мына ушул социалдык дарттардын баардыгы экономикалык системабыздын иштешинен кѳз каранды» -деди «Кабар» агенттигине экономист Кубан Чороев.

Анын айтымында, экономиканын тамырын акча системасы түзѳт. Биз 24 жыл мурун эле ѳзүбүздүн экономикалык кызыкчылыктарга жооп бербеген акча системасын тандап алганбыз. Биздин ѳнүкпѳй келе жатканыбыздын негизги себеби ушул тандап алган туура эмес акча системасы. «Биз акча системабызды, тагыраак айтканда Улуттук банкыбызды реформалоо менен гана бүгүнкү оор кырдаалдан чыгып кете алабыз, башка жол жок. Ошол себептен, бул маселе мамлекеттик саясаттын номур биринчи маселеси болуш керек. Анткени, акча системасы ѳлкѳбүздѳ жашап жаткан миллиондогон адамдардын жашоо-турмушун, тагдырын аныктоочу негизги фактор болуп эсептелет. Тилекке каршы 24 жылдан бери мамлекет тарабынан бул маселе бир дагы жолу кѳтѳрүлгѳн эмес. Биз саясий жана укуктук реформаларга кѳңүл бура берип, акча системаны ойлоп да койгон жокпуз, ошондуктан бүгүн мындай экономикалык тунгуюк абалда отурабыз. Бүгүнкү күнү менимче Улуттук банкты реформалоо, Конституциялык реформадан он эсе маанилүү маселе» -деди ал.

«Кыргызстандагы бүгүнкү валюталык курсубуздун режими Дүйнѳлүк валюта фондунун (МВФ) классификациясы боюнча „башкарылуучу режим“ болуп эсептелет. Улуттук банк ишендиргендей, бул „эркин сүзүүчү валюталык режимге“ да кирбейт. Мындай валюталык режимдердин 10дой түрү бар, ошолордун бири „валюталык башкаруу“ режими, англисче „currency board“ деп аталат. Биз бүгүнкү күндѳгү экономикалык кризистен чыгып, финансалык системабызды стабилдештирүү үчүн мына ушул „валюталык башкаруу“ режимине ѳтүшүбүз керек. „Валюталык башкаруу“ режиминде сомдун курсу АКШ долларына бир курс менен мыйзам менен бекитилет, экономикабыздагы сомдун массасы толугу менен Улуттук банктын резервине байланат. Бул деген сомдун курсу экономикабыздагы башка факторлордон, мисалы импорттун, экспорттун кѳлѳмүнѳн, мигранттардын акча которуусунан, инвестициялардан, же болбосо кошуна Россиянын рублинин жана Казакстандын теңгесинин девальвациясынан эч кандай кѳз карандысыз болуп калат дегенди билдирет. Кандай гана экономикабызда проблемалар болбосун сомдун курсу туруктуу тура берет, анткени сомду каалаган убакта мыйзамда бектилген курс менен долларга, же тескерисинче долларды сомго айландыруу процессии мыйзамга ылайык Улуттук банк тарабынан токтолбостон иштей берет» -деп кошумчалады К.. Чороев.

Эскерте кетсек, Улуттук валютабыз сомдун курсун кармап туруу максатында Улуттук банк 12-ноябрда 14,2 миллион долларды сатыкка чыгарганы, буга чейин акыркы жолу 6-ноябрда 21,7 миллион доллар интервенцияланганы, бир жума мурда 69 сомдон сатылып жаткан доллардын курсу ушу тапта 73 сомго жакындап калганы, доллардын кымбаттоосу токтобой жатканы ЖМКларга жарыяланган.

«Кабар-Пресс» мамлекеттик маалымат кызматы

Финансылык системабызды стабилдештирүү үчүн «валюталык башкаруу» режимине ѳтүшүбүз керек»

Бишкек, 3-декабрь, 2015 /Дайырбек Мейманов – Кабар/.«Өлкөбүздөгү бүгүнкү валюталык курсубуздун режими Дүйнѳлүк валюта фондунун (МВФ) классификациясы боюнча „башкарылуучу режим“ болуп саналгандыктан, биз эгемендикке ээ болгондон бери эле АКШ долларына көз каранды болуп келе жатабыз. Мындай көз карандылыктан арылуу, экономикалык кризистен чыгып, финансылык системабызды стабилдештирүү үчүн „валюталык башкаруу“ режимине ѳтүшүбүз керек» -деди «Кабар» агенттигине эксперт, экономист Кубан Чороев.

Анын айтымында, «Валюталык башкаруу» режиминде сомдун курсу АКШ долларына бир курс менен мыйзам боюнча бекитилет, экономикабыздагы сомдун массасы толугу менен Улуттук банктын резервине байланат. Бул деген сомдун курсу экономикабыздагы башка факторлордон мисалы, Россиянын рублинин жана Казакстандын тенгесинин девальвациясынан, импорттун, экспорттун кѳлѳмүнѳн, инвестициялардан, мигранттардын акча которуусунан эч кандай кѳз карандысыз болуп калат дегенди билдирет. Кандай гана экономикабызда проблемалар болбосун сомдун курсу туруктуу тура берет, анткени сомду каалаган убакта мыйзамда бектилген курс менен долларга, же тескерисинче долларды сомго айландыруу процесси мыйзамга ылайык Улуттук банк тарабынан токтолбостон иштей берет.

Читать дальше
Тёмная тема

Шрифт:

Сбросить

Интервал:

Закладка:

Сделать


Кубан Чороев читать все книги автора по порядку

Кубан Чороев - все книги автора в одном месте читать по порядку полные версии на сайте онлайн библиотеки LibKing.




Манифест. Кыргызстандагы насыя алуучуларынын укугун коргоо элдик кыймылынын манифести отзывы


Отзывы читателей о книге Манифест. Кыргызстандагы насыя алуучуларынын укугун коргоо элдик кыймылынын манифести, автор: Кубан Чороев. Читайте комментарии и мнения людей о произведении.


Понравилась книга? Поделитесь впечатлениями - оставьте Ваш отзыв или расскажите друзьям

Напишите свой комментарий
Большинство книг на сайте опубликовано легально на правах партнёрской программы ЛитРес. Если Ваша книга была опубликована с нарушениями авторских прав, пожалуйста, направьте Вашу жалобу на PGEgaHJlZj0ibWFpbHRvOmFidXNlQGxpYmtpbmcucnUiIHJlbD0ibm9mb2xsb3ciPmFidXNlQGxpYmtpbmcucnU8L2E+ или заполните форму обратной связи.
img img img img img