Махабат Тагай - Жаңы дүйнө келүү
- Название:Жаңы дүйнө келүү
- Автор:
- Жанр:
- Издательство:неизвестно
- Год:2020
- ISBN:нет данных
- Рейтинг:
- Избранное:Добавить в избранное
-
Отзывы:
-
Ваша оценка:
Махабат Тагай - Жаңы дүйнө келүү краткое содержание
Жаңы дүйнө келүү - читать онлайн бесплатно ознакомительный отрывок
Интервал:
Закладка:
– Мен сиздин атыңызды суроодон ийменип жатам. Жанагы бийкечке сүйлөгөндө сүрдөп , эки бетим чоктой кызарып чыкты.
– Эдеми деди кыз назик үн менен.
– Менин атым Тоби. Сиздин Тоби экениңизди уктум. Кыз менин жанымдан аркы-терки өткөн сайын, жыпар жыт аңкып турду.
– Мага дүкөн каерде экенин айтып коесузбу?
– Эмне муктаждыгыңыз бар?
– Мурут алуу үчүн устара сатып алсам болобу? дедим.
– Канафил мырзанын үйүндө жаңы иштетиле элек устаралар бар. Азыр сизге алып келип берем.
– Жок тим эле коюңуз, дүкөндөн сатып аламын.
– Бизде дүкөн болбойт, кампалар болот.
– Эмнеге? мен таңыркап сурадым.
– Биздин үйлөргө башка шаардан бизге керек болгон буюмдарды алып келип беришет.
– Анда мен тыйын берейин Канафил байкеге берип коёсуз дедим .
– Биздин жашоодо эч нерсе сатылбайт. Баарын бекер алабыз.
Мага берилген бөлмөдө эс алдым. Кандай дүйнөгө келип калганыма аң таң болдум. Бул жердеги жашоо менин мурунку жашоомдон абдан өзгөчөлөнүп турду. Жашоом заматта башка нукка бурулуп кеткенине ишеналбай жаттым. А бирок ошол эле учурда жаныма тынчтык келди. Бул дүйнөдө адамдар бирин – бири чындап сүйүшөрүн билдим. Мага дарбаза ачылганда сүйүү, адилет дүйнөсүнө кирдим.
Таң эртелеп чымчыктын сайраганы угулду. Ордуман ушунчалык жеңил турдум. Оң колум көптөн бери артриттен жабыркачу. Бүгүн колумдун жеңилдигинен оорунун бир да белгисин сезген жокмун. Айтор айыгып калдым. Көңүлум шат терезени ачканымда түркүн куштар учуп жүрүптүр. Алар ар кандай түстө экен. Кичинекей ала куш пырпырап терезенин жанына келип конду. Ал жагымдуу сайрагандыктан жүрөгүмө кубаныч кирди. Биз ушундай кооз кереметтүү дүйнөдө жашайбыз. Ушул тынч бейкүнөө жашоону биз менен бирге даңкта дегенсип канаттарын кагып сайрап жатты.
Бактын ичинде бир нече отургучтар, ары жакта шөкүлө сыяктуу курулган үйчөлөр көрүнөт. Дарактар ушунчалык жапжашыл болуп көктөп,шамал айдаган жактан алардын жагымдуу жыты буркурады. Абадан кере-кере дем алып, жумшак отургучка келип отурдум. Мен Эдемини издедим . Кантсе да үйдүн ээси эмеспи. Анын уруксатысыз мен бир да буюмду кармамак эмесмин.
– Эдеми дедим акырын. Үйдүн эмеректери абдан таза тыкан тутулган. Өмүрүмдө көрбөгөн буюмдар да бар экен. Ал буюм асман менен жерди бириктирүүчу алтын шаты. Тепкичтери алтындан, эки устуну күмүштөн жасалыптыр. Бөлмөнүн ортосунда чай ичүүчү самоор көрүндү. Кесилген ак нан, кара жүзүмдүн шиңгили, тилке коон, бир нече шириндиктер үстөлгө жайната коюлуптур. Урматтуу мырзам жакшы уктап турдуңузбу? Эдеми жылмая эшик жактан кирип келди. Мен эмне дээримди билбей апкаарыдым.
– Келиңиз чайга. Ал үстөлгө кол жаңсады.
– Чай ичип болгон соң, Эдеми мага карады: – мырзам кечээ устара сураган элеңиз. Шаарыбыздын ушул иш боюнча алектенген адамы муну таштап кетти. Эдеми устараны мага берди.
– Оо жакшы тура. Мунуңуз канча турат?
– Канча турат дейсизби?
– Ооба буюмду бекер албайм го.
– Бизде бир да нерсе сатылбайт деди Эдеми.
– Түшүнбөдүм. Сатылбайт дегениң эмнеси?
– Мырза Тоби сиз өлүктөр дүйнөсүнөн келдиңиз. А бул жер түбөлүктүү өмүр дүйнөсү. Сиз билбегендиктен ушинтип сүйлөп жатасыз. Күн өткөн сайын, биздин дүйнө менен таанышып, анын кандай экенин билип каласыз.
– Кызык дедим мен. Өлүктөр дүйнөсү дейсиз, ошол кыйналгандардын баары ушул дүйнөгө келишпейби? Эмнеге ал жакта азап тартып жатышат? дедим. Эдеми мени адаттагыдай угуп отуруп, жагымдуу жылмайыңкы жүз менен суроомо жооп бере баштады.
– Тоби кымбаттум бул жерде көп улуттун өкүлдөрү жашайт. Алар бул жерде түбөлүккө өмүр сүрүшөт. Сиз алардын баарын көргөн жоксуз.
– Эдеми мени эмнеге сиз дейсиң? Сен дечи мен мындай сүйлөшүүгө көнгөн эмесмин.
– Жарайт. Мындан ары уруксатыңыз менен сен дейин.
– Эки күндөн кийин жер иштетүүчүлөрдүн, жаныбарларды баккандардын жарманкеси болот. Сени ошого алып барам. Өз көзүң менен көрүп келесиң. Бул дүйнөдө бардык суроолордун жообу бар. Ал жооптор иш жүзүндө көрүнүп турат. А бүгүн сага эгин талааларыбызды көрсөтөм. Эдеми менин колумдан кармап сыртка жетелеп жөнөдү. Мен да кубанып кеттим. Биз дөңсөөдөн ылдый көздөй чуркап түштүк.
Айлана айтып бүткүс кооздукка бөлөнүп турат. Кулпурган гүлдөр, тегиз дарактар, туптунук аккан суулар көз жоосун алып, андагы жандыктар тагдырга терең ыраазы болгондой коопсуз жүрүшөт. Аларда эч кандай тынчсыздануу, коркуу жок. Ачык асман алдында эч нерседен кам санабай жыргап жашап жатышат. Жаратылыш койнунда мемиреп созулуп жаткан талаага көз жибердим.
Конец ознакомительного фрагмента.
Текст предоставлен ООО «ЛитРес».
Прочитайте эту книгу целиком, на ЛитРес.
Безопасно оплатить книгу можно банковской картой Visa, MasterCard, Maestro, со счета мобильного телефона, с платежного терминала, в салоне МТС или Связной, через PayPal, WebMoney, Яндекс.Деньги, QIWI Кошелек, бонусными картами или другим удобным Вам способом.
Интервал:
Закладка: