Мирлан Калдыбаев - Жети ата. Жан-дүйнө кайрыктары

Тут можно читать онлайн Мирлан Калдыбаев - Жети ата. Жан-дүйнө кайрыктары - бесплатно ознакомительный отрывок. Жанр: Поэзия. Здесь Вы можете читать ознакомительный отрывок из книги онлайн без регистрации и SMS на сайте лучшей интернет библиотеки ЛибКинг или прочесть краткое содержание (суть), предисловие и аннотацию. Так же сможете купить и скачать торрент в электронном формате fb2, найти и слушать аудиокнигу на русском языке или узнать сколько частей в серии и всего страниц в публикации. Читателям доступно смотреть обложку, картинки, описание и отзывы (комментарии) о произведении.
  • Название:
    Жети ата. Жан-дүйнө кайрыктары
  • Автор:
  • Жанр:
  • Издательство:
    неизвестно
  • Год:
    неизвестен
  • ISBN:
    9785449301369
  • Рейтинг:
    4/5. Голосов: 11
  • Избранное:
    Добавить в избранное
  • Отзывы:
  • Ваша оценка:
    • 80
    • 1
    • 2
    • 3
    • 4
    • 5

Мирлан Калдыбаев - Жети ата. Жан-дүйнө кайрыктары краткое содержание

Жети ата. Жан-дүйнө кайрыктары - описание и краткое содержание, автор Мирлан Калдыбаев, читайте бесплатно онлайн на сайте электронной библиотеки LibKing.Ru
Ырдын кара сөздөн айырмасы бар экенин ар бирибиз билебиз. Ал эми 18-кылымдагы француз драматургу Мольердин Аксөөккө айланган карапайым деген комедиясындагы кейипкер Журден мырза билген эмес. Ал бул тууралуу биринчи ирет укканда: Кырк жылдан ашуун убакыттан бери кара сөз менен сүйлөп келе жатканымды билген эмес экенмин – деп чыны менен таң калган.

Жети ата. Жан-дүйнө кайрыктары - читать онлайн бесплатно ознакомительный отрывок

Жети ата. Жан-дүйнө кайрыктары - читать книгу онлайн бесплатно (ознакомительный отрывок), автор Мирлан Калдыбаев
Тёмная тема
Сбросить

Интервал:

Закладка:

Сделать

Жети ата

Жан-дүйнө кайрыктары

Мирлан Бакытович Калдыбаев

© Мирлан Бакытович Калдыбаев, 2020

ISBN 978-5-4493-0136-9

Создано в интеллектуальной издательской системе Ridero

Жети ата Жети ата кыргыздардагы ата текти билүүгө байланышкан генеалогиялык - фото 1

Жети ата

Жети ата – кыргыздардагы ата текти билүүгө байланышкан генеалогиялык түшүнүк. Жети атанын элдик генеалогиялык түшүнүк катары кабыл алынышы патриархалдык-көчмөн салтка байланышкан. Жети ата кыргыз коомунда социалдык маанилүү роль ойногон. Салтка ылайык кыргыз коомундагы ар бир адам өзүнүн жети атасын билүүгө тийиш болгон. Жети атасын билбеген адам кул катары кабыл алынган. 19-кылымдын аягында Кыргызстанга келген орус адамы мындай деп жазган: «Бейтааныш адам жөнүндө бир нерсе билүү максатында: „Сенин жети атаң ким болгон“, деп сурашат. Бул суроого абдан так жооп беришке кыргыздын ар бир баласынын кудурети жетет». «Ким өзүнүн жети атасын билбесе, эл безери», деп окутат кыргыздын адеп кодекси. Жети ата өзүнө тиешелүү төмөнкүдөй терминдер менен аталып, элдин аң-сезимине абдан терең сиңген: ата, чоң ата, баба, буба, кубаар, жото, жете. Элдин эсинде сакталып калган «кубаарыңдын куу чокусу, мадериңдин баш териси» (мадер түштүк диалектиде эне), «кудай кылса кубаарыңдын акысы барбы?», «жото-жетесиз кул», «жетеге жетчү кек», «жети атасынан бери жиликтеп сура» деген сыяктуу көөнө түшүнүктөр мындай салттын байыркылыгын ырастайт. Жети атаны сүрүштүрүү салты уруу ичиндеги никелик мамилелерди жөнгө салып, элдин генеалогиялык тазалыгын сактап калуу жана биол. популяциясына, өсүп-өнүгүшүнө ыңгайлуу шарт түзгөн. «Ал кезде жети атасын сурап кыз бермек ырасим болгон», деп айтылат. Кыргыздар байыртадан бийик тоо шартында бири биринен обочолонуп жашагандыктан, тукумдун тазалыгын сакташ үчүн нике мамилелерин жөнгө салуу зарыл болгон. Бул адат боюнча жети муун өтмөйүнчө никеге турууга тыюу салынган. Муну илим жети муундук экзогамия деп аташат. Бул отурукташкан элдерден айырмаланып, кыргыздарда никенин жана урпак-тукумду өстүрүүнүн өзүнчө мад-ты иштелип чыккандыгын айгинелейт. Ушундан улам жети атасын сүрүштүрүү салты келип чыккан. Анын баштапкы негиздери урук ичиндеги экзогамиялык талаптарга байланышса, кийин коомдо мыйзам сыяктуу турмуштук кодекске айланган. Анткени, патриархалдык коомдогу уруктун ар бир адамы жети атасын так билгенде гана кайсы урукка таандык экендигин далилдей алган.

Жети атам

Ата-бабам багыш аттуу элденбиз.
Кең шаар эски кетмен-төбө жерденбиз.
Байырлап ата-бабам өнгөн жерде.
Суусун ичип аба жутуп келгенбиз.

Санжыра бар мурас кылган урпака.
Кээси алат аксакалы улуулары сурака.
Билбегенди жетим дешип элимде,
Дегени бар жети атасын булар унутпака.

Мына бүгүн санжырадан баштадым.
Бул ойдон бул кыялдан кайтпадым.
Жеткирсем деп тең-туш жоролорго,
Жети атамды ыр кырына саптадым.

Биринчи атам Бакыт менин өз атам.
Сен дегенде ич кайышып жан тартам.
Аман жүргүн күүлү-күчтүү мурдагыдай,
Бир өзүңсүң айдан асыл жан атам.

Улуу кесип аркалаган тарыхчын?
Билим берди жалпы муунга мунум чын.
Неберемин мугалим Калдыбайга,
Мактана алам баш көтөрө мунум чын.

Сен үчүнчү сен атамсың Дайрабай.
Куран окуп дуба кылдым багыштай.
Көрбөсөм да билбесем да өзүңдү.
Ырга салдым ыр мейкинин чабыттай

Кыбырамын бубам баатыр Бешкемпир.
Теңирим бейишиңде бул адамга кезиктир.
Топурагың торкоо болсун!
Аллахым жабрейилге бул адамды кезиктир.

Тыбырамын Курман-кожо молдонун.
Ал баскан ислам дини жолдомун.
Лаа иллааха иллаллоху,
Иншаллах мен дагы ушул жолдомун.

Чүрпөсү мында турат Кожо-Саип.
Дуба кылам мен алакан жайып.
Бейиште орун алып важиб болсун!
Ак сакалы бол жанната Кожо-Саип.

Жетинчи атам Абуталиб мыкты атам.
Ырым жазып санжыраны таратам.
Жанагындай киргиздерге бул ырды,
Санжыра-деп бүт ааламга таратам.

Атама Атаке арман көп сага айта албаган Арман көп өзүңө жаза албаган - фото 2

Атама

Атаке арман көп сага айта албаган.
Арман көп өзүңө жаза албаган.
Атаганат жаштыгымда кете бердиң.
Сырым көп ичимде айтылбаган.

Жаңыдан жети жашка толгонумда,
Аң-сезим эми-эми ойгонгонунда,
Кете бердиң азаптарга бизди таштап.
Болоор эле дагы он жыл болгонуңда.

Декабрьдын орто чендин бир түнүндө,
Кабар келди куттуу биздин үйүбүзгө.
Атаңар оо ааламга узап кетти,
Не азап болду экен бул күнүңүздө.

Аттигиң кош айтыштым атакемден.
Оо теңирим эмне күнөө ал пендеңен.
Атаке алыстарга узап кеттиң.
Сөздөрүң кайда эле дүйнө кенен деген.

Сездиң бекен уулуңдун жетилгенин.
Сездиңби бул уулуңдун эмгектерин.
Жазма акын жаралыпмын бул ааламга.
Сездиңби уулуңдун эрезеге жеткенин.

Оо атаке сезген болсоң сен эгерде,
Кубандыңбы? сүйүндүңбү эмгегиме.
Атаке көргүм келет. сагындым..
Оо аллахым ушул беле бул пендеңе.

Эмне дейин айтаар сөзүм бул болсун!
Бейиштен орун алып жайың болсун!
Жаткан жериң жайлуу болсун!
Атаке тилегеним сага ушул болсун

Өзүм

Кээде ыр жазам чындыкты кошуп.
Өткөнүн жазам жашоомдо болуп.
А кээсинде тагдырдан алып коём.
Анча-мынча сөздөрдү мындан кошуп.

Кээде жазам досторумдун тагдырын.
Башынан өткөн болуп өткөн бардыгын.
Окурмандар ойлобосун таңыркап,
Сүйсө керек-деп бул кыздардын бардыгын.

Ырлар арбын сүйүү дастан айтылган.
Ачык сөз сүйөм жаным жазылган.
Мен жашоодо сүйөм жалгыз инсанды,
А бул инсан ата-энем алтындан.

Талп этип Жүзүң сонун чайга салчуу анык балдай Көздөрүң кара кочкул - фото 3

Талп этип

Жүзүң сонун чайга салчуу анык балдай,
Көздөрүң кара кочкул карагаттай.
Кандай адам деги сени жаратты экен.
Бир өзүңөн нур чачырайт шам чырактай.

Эсиңдеби жолуканбыз кан базардан.
Бактылуумун бул өмүрдө оо жараткан.
Мен ыраактан өзүң менен тиктешем,
Оорум бар, тартынам уялчактык жараттан.

Сүйүү бекен денем басты калтырак.
Көпкө турдум бул сезимден жабыркап.
Көзүм албай тартыламын өзүңө,
Карагандар бар не болду-деп таңыркап

Не күч бар бул сезимге кабылткан.
Жүрөгүмдүн соккон добушун угулткан.
Жан-дүйнөмдү башка аалам курчады,
Жер жүзүнө түшкөн сыңар чагылган.

Читать дальше
Тёмная тема
Сбросить

Интервал:

Закладка:

Сделать


Мирлан Калдыбаев читать все книги автора по порядку

Мирлан Калдыбаев - все книги автора в одном месте читать по порядку полные версии на сайте онлайн библиотеки LibKing.




Жети ата. Жан-дүйнө кайрыктары отзывы


Отзывы читателей о книге Жети ата. Жан-дүйнө кайрыктары, автор: Мирлан Калдыбаев. Читайте комментарии и мнения людей о произведении.


Понравилась книга? Поделитесь впечатлениями - оставьте Ваш отзыв или расскажите друзьям

Напишите свой комментарий
x