Кадыр Абакиров - Адамдын Асыл ойлору

Тут можно читать онлайн Кадыр Абакиров - Адамдын Асыл ойлору - бесплатно ознакомительный отрывок. Жанр: Цитаты из афоризмов, год 2020. Здесь Вы можете читать ознакомительный отрывок из книги онлайн без регистрации и SMS на сайте лучшей интернет библиотеки ЛибКинг или прочесть краткое содержание (суть), предисловие и аннотацию. Так же сможете купить и скачать торрент в электронном формате fb2, найти и слушать аудиокнигу на русском языке или узнать сколько частей в серии и всего страниц в публикации. Читателям доступно смотреть обложку, картинки, описание и отзывы (комментарии) о произведении.

Кадыр Абакиров - Адамдын Асыл ойлору краткое содержание

Адамдын Асыл ойлору - описание и краткое содержание, автор Кадыр Абакиров, читайте бесплатно онлайн на сайте электронной библиотеки LibKing.Ru
Ыйык китептер Тоорат, Забур, Инжил, Куран жана Мухаммед пайгамбардын осуяттары учкул сөз эмей эмне. Алиги касиеттүү ыйык китептеги Сулайман пайгамбардын «Накыл сөздөр», «Насаатчы китеби» азыркы күндө да, келечекте да эч убакта таасирин жоготпой турган, колдон түшпөс улуу китеп экенин баардык кы-лымдын ойчулдары жазып жана айтып келатпайбы. Бул өлбөс-өчпөс улуу китептин кээ бир касиеттүү сөздөрүн улуу жазуучулар өз китептерине баш сөз кылып алышкан. К.Абакировдун китебинде ошол чыгармалардын шапатасы уруп турат. Бирок автор алардын таасирине жетеленип калган эмес. Кой маарап, жылкылар кошкуруп, атчан келаткан малчылардын кобур-собур үндөрү чыгып, кадимки кыргыз турмушунун элесин бе-рип, байыркы бабалардын өчпөс үндөрү угулуп турат. Негизи «Акылдуу болуш үчүн он китепти окуп чыгуу жети-шерлик, ал эми он китепти табыш үчүн миң китеп окуш керек» – дегендей, алдыңыздарга сунула турган бул китеп окурмандардын бардык катмарына сунушталат.

Адамдын Асыл ойлору - читать онлайн бесплатно ознакомительный отрывок

Адамдын Асыл ойлору - читать книгу онлайн бесплатно (ознакомительный отрывок), автор Кадыр Абакиров
Тёмная тема
Сбросить

Интервал:

Закладка:

Сделать

* * *

Ачылышка алып баруучу жол, жан дүйнөдөгү тубаса шык жана талбас эмгек.

* * *

Күйгөн отко үшүгөн адам жылынат, жакшы сөзгө кайгырган адам жылынат, акылман хандын ишине баардык эл жылынат.

* * *

Тынчтыктын энеси – түн, эмгектин энеси – күн. Өмүрдүн уланышы күн менен түн.

* * *

Асманда тийип турган күн жалгыз, созулуп жаткан жол жалгыз, сапардагы жолоочу жалгыз, кыскасы баары эле жалгыз.

* * *

Жашоо – күрөш, бийиктикке умтулуунун, негиси – ошол.

* * *

Мезгил келгенде байлык да жок болот. Бирок байлыкты түзгөн акыл эч убакта жок болбойт.

* * *

Кооз калдыркан жай айын кооздойт, сенин үлгүлүү жашооң, сенин өмүрүңдү кооздойт.

* * *

Акылмандын баарыбызга берген кеңеши баарыбыз үчүн түгөнгүс байлык. Ал баарынан артык.

* * *

Ылдыйдан жогору жак өйдө, жамандан жакшы өйдө, өлүмдөн өмүр өйдө, бузгандан кураган өйдө.

* * *

Жолго чыгаарда аба ырайын байка, аба ырайынан да минген атыңын кайратын байка, атыңан да жаныңда бараткан жолдошуңду байка.

* * *

Бийликтин башталышы жана аягы болот. Бийлик ченелген нерсе, ал эми чыныгы таланттын башталышы болот, бирок аягы болбойт. Ал ченемсиз нерсе. Ошол үчүн – ыйык.

* * *

Поэзия – деген сөздүн өзү эле керемет. Бирок ар бир жаралган нерсенин атына жараша заты да болгону керемет.

* * *

Эне деген сөз – чоң аалам. Ал эми ар бир эне өз баласына аалам. Ал эми баардык балага эне болгон ал өзүнчө бир чоң материк.

* * *

Баардык эле сууда, балык болбойт. Баардык жазылган чыгармада жүрөктүн кагышы деле болбойт.

* * *

Ой толкун сыяктуу буркан-шаркан түшкөн элес. Ал ошонусу менен улуу жана кайраттуу.

* * *

Өмүрдү текке кетирбей туура пайдалануу бул да улуу жетишкендиктин бир түрү.

* * *

Ден-соолукта болуп, узак жашоо бул да өнөргө барабар нерсе.

* * *

Сокурду көрбөйт дебе, дүлөйдү укпайт дебе, дудукту сүйлөбөйт дебе. Алардын ар биринин кулагы, тили, көзү болот. Демек алар угат, көрөт жана сүйлөйт.

* * *

Ай жолоочуга кара жолду көрсөтөт. Кара жол жолоочунун барчу тарабын көрсөтөт.

* * *

Унутулуп бараткан күндөрдү эстегиле! Көзү өтүп кеткен адамдарды эстегиле! Бири-бириңерге кылган жакшылыкты да унутпай эстегиле! Антпесеңер жашоонун такыр кайрымы болбой баратат.

* * *

Бийликке жагынып, элге чыккынчылык кылган адам, Ата-Мекенге деле чыккынчылык кылган адам

* * *

«Генийге кара күчүң менен жетем дебе, ага акыл-эс, эмгек, талант кудуретиң менен жетем» – деген артык..

* * *

Гений деле сен сыяктуу энеден төрөлүп, атанын тарбиясында өскөн, башкаларданэч айырмасы болгон эмес.

* * *

Бийликте мындан мурун деле жагынуучулук болгон, мындан кийин деле боло берет. Анткени жагынуучулук менен өскөн адамдар толтура.

* * *

Бир киши өлөөрүндө: «Ушундай дүйнөдөн өтөөрүмү билсем, көп нерсени бүткөрмөкмүн, азыр кеч болуп калды» – деп арманын айтыптыр.

* * *

Оозуңан чыгып кеткен сөз ок, ал ок кайра кайрылып, өзүңө тийиши ыктыммал.

* * *

Көзү ачылбаган билимсиздик, бул жакшы жорук эмес, – ал кайгылуу арман.

* * *

Карыган ата-энеңин сага берген акылман кеңеши ал сага калтырган асыл мурас.

* * *

Жакшы тарбиядан баардык асыл нерселер башталат, жана тарбия жоголбой турган ыйык өнөр.

* * *

Улгайган адамдар: «Өмүрүмдө эмне эмгек кылдым, артымда эмне эмгегим калат?» – деп тынчсызданат алар өлүм жөнүндө ойлонгон адамдар.

* * *

Кээ бир адамдар башкалардан дайыма жаманчылык издеп турат, ал жакшы сапат эмес. Ал армандуу кайгы.

* * *

Талант бийик тепкичке чыгайын дейт, бирок өмүр кыска, чаркы чамалуу.

* * *

Жалкоонун сүйгөн кесиби уйку, андан башка кесипке көнгөн эмес.

* * *

Акын калеми менен, соодагер акчасы менен, жолочу жолу менен. Демек баардыгы өз жолу менен.

* * *

Элдин тагдыры – баатыр да, баатырдын тагдыры – элде.

Алар бири-бирине, тагдырлаш-энчилеш.

* * *

Ар бир адамдын өзүнө ишеничтүү бир эле дарыгери

болот ал – өзү.

* * *

Ар кандай кубанаарлык иштер, терең ой жүгүртүүдөн башталат.

* * *

Жаңгактын мөмөсү ичинде, кабыгы сыртында, кабык сөзсүз мөмөнү сактайт.

* * *

Акылга-үмүт таяныч, доско-дос таяныч, талант-эмгекке таяныч, өлбөстүк өмүргө таяныч. Жакшыга-жакшы таяныч.

* * *

Үй-бүлө тынч болсо, үй тынч, коңшулар тынч болсо, көчө тынч, үй да, көчө да, тынч болсо, анда биз үчүн аалам тынч.

* * *

Атасынан баласы акылдуу болуш керек, анткени ал – кийинки муун.

* * *

Кооздук бул – терең ой жүгүртүүдөн башталган.

* * *

Кубанычтын өңү жашыл, жаздын өзү жашыл, жашаргандын баары жашыл.

* * *

Бир жолдо келаткан үч жолоочунун үч жолу бар, ошондой эле үч жолочунун үч тагдыры бар.

* * *

Падыша же жөнөкөй адам үчүн адилеттик – бирөө, экөөнө эки башка адилеттик жок. Анткени күн бирөө. Жана дагы ар бир адам үчүн өмүр бирөө.

* * *

Бүткөн иштердин көбү бара-бара унутулат. Эл баспай калган жол унутулат. Өлгөндүн изи унутулат.

* * *

Бийиктик бат эле жете койчу тепкич эмес, адам ойлогон ой, түрүп алчу жип эмес, таалай усталар жасаган сандык эмес.

* * *

Максатына жетпей калган адамдар ойлонуу менен таңды атырат, ойлонуу менен күндү батырат. Бирок ошонун өзүндө ийгилик болобу?

* * *

Күндүн артынан түн келет. Түндүн артынан күн келет. Баары эле кайта келет. Бирок өмүр өткөн сайын жашоо сага башкача болуп келет.

* * *

Бир чымындын өлүмү адам үчүн кадимки эле көрүнүш.

Бирок чымын үчүн орду толбос оор жоготуу болгон.

* * *

Жек көрүүдөн жамандык төрөлөт. Башка эч нерсе төрөлгөн эмес.

* * *

Асмандагы күн -бирөө, жалгыз сапар келаткан жолочу- бирөө, жалгыздык өзү деле -бирөө.

* * *

Ач көздүн жан дүйнөсү тар болгон менен аны карап турган аалам ошончолук чексиз кенен эле болгон.

* * *

Ар бир адам ден-соолугун мыкты күтсө болот, аны күтүү өзүнчө бир чоң чеберчилик.

* * *

Чындыкты жалгандан айырмалаш үчүн көсөм акыл керек болгон.

* * *

Өлүм төрөлүүдөн коркот. Өмүр, өлүмдөн эч убакта коркпойт. Ал чындыкка моюн сунат.

* * *

Элсиз ээн жымжырт жаткан жерге ар бир түндө айдын чыкканы чоң кубаныч, айдын шооласынан төгүлгөн нур чоң майрам.

* * *

Ар кандай адамдын тынчын алган кыйкырык үндөр

айлананын жымжырттыгын жутат.

* * *

Тереңди-терең, жапызды-жапыз, бийикти-бийик дейбиз. Ошол сапатынан алар бири-биринен толук айырмаланат.

Читать дальше
Тёмная тема
Сбросить

Интервал:

Закладка:

Сделать


Кадыр Абакиров читать все книги автора по порядку

Кадыр Абакиров - все книги автора в одном месте читать по порядку полные версии на сайте онлайн библиотеки LibKing.




Адамдын Асыл ойлору отзывы


Отзывы читателей о книге Адамдын Асыл ойлору, автор: Кадыр Абакиров. Читайте комментарии и мнения людей о произведении.


Понравилась книга? Поделитесь впечатлениями - оставьте Ваш отзыв или расскажите друзьям

Напишите свой комментарий
x