Кадыр Абакиров - Бабалардын Урпагы. 3 китеп

Тут можно читать онлайн Кадыр Абакиров - Бабалардын Урпагы. 3 китеп - бесплатно ознакомительный отрывок. Жанр: Сказка, год 2020. Здесь Вы можете читать ознакомительный отрывок из книги онлайн без регистрации и SMS на сайте лучшей интернет библиотеки ЛибКинг или прочесть краткое содержание (суть), предисловие и аннотацию. Так же сможете купить и скачать торрент в электронном формате fb2, найти и слушать аудиокнигу на русском языке или узнать сколько частей в серии и всего страниц в публикации. Читателям доступно смотреть обложку, картинки, описание и отзывы (комментарии) о произведении.
  • Название:
    Бабалардын Урпагы. 3 китеп
  • Автор:
  • Жанр:
  • Издательство:
    неизвестно
  • Год:
    2020
  • ISBN:
    нет данных
  • Рейтинг:
    5/5. Голосов: 11
  • Избранное:
    Добавить в избранное
  • Отзывы:
  • Ваша оценка:
    • 100
    • 1
    • 2
    • 3
    • 4
    • 5

Кадыр Абакиров - Бабалардын Урпагы. 3 китеп краткое содержание

Бабалардын Урпагы. 3 китеп - описание и краткое содержание, автор Кадыр Абакиров, читайте бесплатно онлайн на сайте электронной библиотеки LibKing.Ru
Акын, жазуучу К. Абакировдун бул китеби тээ береги 1900 жылдары жазылып бүтүп, китеп катары жердештерине таратылып, бир канча жолу оңдолгон. Китеп Тоң районундагы Темир-Канат айлйнйн Беккулу атадан тараган тукумдары жөнүндө кызыктуу баян курат.Автордун тили жатык кызыктуу берилип окуган адамды өзүнө тартып турат. Автор байыркы ата-бабалары жөнүндө 4 китепти жазган. Бул китеп анын үчүнчүсү болуп саналат. Ал чабандын баласы болгон. Анын балалыгы, жаштыгы бүтүндөй тоо арасында өттү. Автор мына ошол кезин ырга салып берет.

Бабалардын Урпагы. 3 китеп - читать онлайн бесплатно ознакомительный отрывок

Бабалардын Урпагы. 3 китеп - читать книгу онлайн бесплатно (ознакомительный отрывок), автор Кадыр Абакиров
Тёмная тема
Сбросить

Интервал:

Закладка:

Сделать

Кадыр Абакиров

Бабалардын Урпагы. 3 китеп

Темир- Канатайлымын,

Тектиринде теке жайылат.

Колотунан кой маараса,

Койчуманы аны кайырат.

Дүбүрттөгөн жылкылар,

Дүңгүрөмөдөн кайрылат.

Жылкычы айдап малдарын,

Жылгадагы жолго салат.

Койлор маарап үн салса,

Туулган жердин үнү угулат.

Асмандан бүркүт шаңшыса,

Ата- журт күүсү туюулат

Өмүрүм учат кайда ашыга,

Өкүнүчкө кабылгансып өчпөйүн

Дүр-дүнүйөм айлыма китеп жазып,

Дүңгүрөтө дүбүрт таштай өтөйүн.

«Арпа- Тектир, Ат-Жайлоо,

Колхоздун жери болгондур.

Күркүрөп аккан кең Көк-Сай,

Өрөөнү малга толгондур».

Бала күнүбүздө сүйүктүү Саяк агайыбыз биздин классик улуу акын, жердешибиз Жусуп Турусбековдун «Ленин жолу» деген ырын жаттатып айттырып калчу эле. Ошол ырды мен ушул күндө да ар бир сабын калтырбай айтып бере алам. Жусуптун жогорудагы төрт сап ыры мен үчүн керемет ыр. Бул куплеттеги Арпа-Тектир, Ат-Жайлоодеген жерлердин аттарын жазганы бизге ыйык табылгыс, калтырып кеткен таберик болуп жатпайбы. Биздин жайлоого акын келсе керек же, болбосо, эмне үчүн Арпа-Тектир, Ат-Жайлоодеп жасмак эле. Улуу акындын биздин жайлооубуздун атын атап кеткени кандай сонун нерсе! Бул биздин ата-бабабыз жайлап, кыштаган балалыгыбыз, бүт өмүрүбүз өткөн ата-конушубуз. Кереметтүү туулуп-өскөн жерибиз. Анан кантип, биз үчүн ушул ыр ыйык болбосун. Болгондо да улуу акын классиктин колу менен жазылып жатпайбы. Менимче улуу акын ушул жерди бала чагында бир канча жолу аралап өтүп, жакшы элестерди эсинде сактап калса керек. Ошол үчүн ырында жазып жатпайбы. Анткени туулган жердин ар бир карыш укум бөлүгү ар бир асыл адамы баарыбыздын байлыгыбыз, ошол үчүн туулган жер, Ата Мекен башталып, куралып жатпайбы. Мен бала чакта Көк Сай жерине суктанаар элем. Анткени ушул жерди Жусуп аралап кеткен жер болуп жатпайбы. Акындын ушул жерде өсүп төрөлгөнүнө суктанаар элем. Бул жерди ыйык жер деп эсептегем. Кийин ушул жердин көп жерин жөө аралап баскам. Анткени улуу акын Жусуп баскан жерди көргүм келген. Акындын аралап баскан жерин басайын дегем. Ошол ыйык жерди көрөйүн дегем. Ушул жерлер менин көзүмө өтө ыйык көрүнгөн

Жусуп үркүндөн кийин томолой жетим калып, көрбөгөн кордукту көрөт.

Көк-Сайдан дагы бир белгилүү акын чыгат, ал Жума Жамгырчиев болгон. Экөөнүн аты кыргыз адабиятында белгилүү. Бул жерден Жусуптун аталаш инисинин баласы, үч жолку баатыр Таштанбек Акматов, дагы белгилүү малчы, СССР дин мамлакеттик сыйлыгынын ээси Мина Кылжыров төрөлгөн. Бул чабандардын атак-даңкы да кыйлага кетпедиби. Ал эми акын Жусупту бүткүл Кыргызстандын көп улуттуу эли билет десе болот. Анткени анын чыгармаларын мектептеги ар бир окуучу окуп, жаттап, өмүр баянын шарылдата айтып жатпайбы. Акындын чыгармалары жалпы эл үчүн чоң рухий байлык.

Мен ыр жазууну үчүнчү класстан баштагам. Эң биринчи ырым көгүчкөн жөнүндө жазсам керек эле. Кулуке агайым менин ырларымды доскеге жаздырып, аны балдар дептерине көчүрүп, ошол жерден оңдоочу эле. Ошол күндөр али эсимден кетпей турат. Убакыт болсо өткөн күн жөнүндө эскерүү баян жазам го. Айыл жөнүндө үч китеп жаздым, эми төртүнчү китеби калды. Аман болсок аны да жазаарбыз.

Ошентип улуу акын Жусуп Турусбековдун төрт куплет ыры мен үчүн керемет ыр, аны көөнүмдөн чыгарбай, көкүрөгүмдө түйүп, аздектеп келем. Биз өскөн жайлоолорду, алтын балалыгыбыз өткөн жерлердин атын ырга салганы үчүн акын Жусупка миң мертебе алкыш !!!

«Арпа- Тектир, Ат – Жайлоо»

Албетте жердештеримин баардыгы бул китептерди окуп чыгат деген ойдон алысмын. Өмүрүндө бир китепти окубаган, китепке такыр берилбеген адамдар четтен эле чыгат. Аларды кантип китеп оку деп айтасың. Аларга малынын көп болгону, малынын туягы арбап элден бай жашоону каалайт. Китеп, обон, маданият ал башкача кеп. Ал адамдын жан дүйнөсү, же духовный байлыгы. Духовный бай адам баардык кезде бай болот. Духовный байлыгы жок адам жылаңач жарды адам. Мен жердештериме бул китепти сөзсүз түрдө окуп чыккыла деп айтпайм. Ал ар биринин өз эрки.

Мисалы өткөндөгү жетекчилер анын бир туугандары Чынгыздын чыгармаларын, Манас китебин өмүрүндө окуган эмес экен. Анан анда кайдагы духовный байлык Анын көзү эч нерсеге тойбойт. Ал канчалык бай болсо да, ошончолук итке минген духовный жактан жарды адам. Ошол үчүн алардын эч бир жакшылыкты күтүүгө болбойт. Өлкө жетекчилери керт башын ойлоп, журтту азапка салып эле келетпайбы. Бири чет жакка сайгактап качса, бири өзүнөн мурункусун түрмөгө камап. Анан кайдагы эл, кайдагы духовный байлык.

Ээ кудайым мен десең эл башчыга акыл бере көр! Эл башчы бузулса, эл бузулат, Журт башчы бузулса, журт бузулат. Башканы айтпай эле, өзүбүзгө келеличи. Хан Шырдакбек энесинин тилин албай, акылы жок аялынын тилин алып эмне болду? Акылы жок аялдын тилин алса, ошентип алтын байлыкты ала качып, эл журттан бөлүнүп, бир үңкүргө жашынат. Акылы жок туугандарынын тилин алса, жерин сатып, элди кырып, конуш издеп, чоочун жакка качат.

Манастагы алты арамдын жоругун, Көзкаман, Көкчөкөздү эстейличи. Демек элибизде азыр желе ошолр бар экен. Эл журт биз ошолордон сактаналы? Булардын жоругу караңгы түн менен кетсин. Башка кепке келеличи.

Кыскасы бул китепте өткөн ата-бабанын кубанычы, арманы, тилеги, кайгы капасы жазылгандыр. Бул китепте кечөөкү эле тирүү жүрүп көзү өтүп кеткендердин элеси аз да болсо жазылгандыр. Ошолордун элесин окуп, аларды эскерип алсаңар мен үчүн чоң кубаныч болот.

Азыркы жаштар тельефон чукуу менен алек. Мейли чукусун. Интернетке кирип, билимин өркүндөтсө, анда жакшы.

ЖЕРДЕШТЕРГЕ

Китеп бердим жердештерге Жогору кеткен атоолор төмөнкү:

Окуй жүрсүн анда-санда. 1. Баласы:

Ата-баба санжырасын, 2. Атасы:

Айта жүргөн жакшы да. 3. Чоң атасы:

Чыгарманы кор кылып, 4. Бабасы:

Чыла жерге таштаба! 5. Кубарысы:

Сабалатып санжыраны 6. Жотосу:

Сабын айткын башкага. 7. Жетеси:

Акылдуулар санжырадан, 8. Кылысы:

Аңыз кылып сөз таштайт. 9. Кыштымы:

Акылы жок кургурум,

Айтаарына кеп таппайт.

Санжыралуу баянды, Атадан төмөн кеткени мындай:

Тукумдарга калтырган. 1. Ата.

Анткени ал китепте, 2. Бала.

Аталар аты жазылган. 3.Небере.

«Жети атаңды сүргүн»,-деп 4.Чөбүрө.

Жети мурас сакталган. 5.Шыбыра.

«Бабалар жолун үйрөн» деп, 6. Тыбыра.

Балдарына тапшырган 7. Томпок.

Ата-тегин билбеген 8. Тоңгок.

Ата атын жоготот. 9. Жат.

Ата атын жоготкондор,

Аты аталбай кор болот.

***

Адырда учкан чакчыгай,

Арылап сызат карматпай.

Адамга уят болбогун,

Ата текти айта албай.

Бурулушта карагай,

Бузуку кеткен кыя албай.

Жети атаңды жаттап ал,

«Жетим уул»-деп аталбай.

***

Читать дальше
Тёмная тема
Сбросить

Интервал:

Закладка:

Сделать


Кадыр Абакиров читать все книги автора по порядку

Кадыр Абакиров - все книги автора в одном месте читать по порядку полные версии на сайте онлайн библиотеки LibKing.




Бабалардын Урпагы. 3 китеп отзывы


Отзывы читателей о книге Бабалардын Урпагы. 3 китеп, автор: Кадыр Абакиров. Читайте комментарии и мнения людей о произведении.


Понравилась книга? Поделитесь впечатлениями - оставьте Ваш отзыв или расскажите друзьям

Напишите свой комментарий
x