Кадыр Абакиров - Бабалардын Урпагы. 3 китеп
- Название:Бабалардын Урпагы. 3 китеп
- Автор:
- Жанр:
- Издательство:неизвестно
- Год:2020
- ISBN:нет данных
- Рейтинг:
- Избранное:Добавить в избранное
-
Отзывы:
-
Ваша оценка:
Кадыр Абакиров - Бабалардын Урпагы. 3 китеп краткое содержание
Бабалардын Урпагы. 3 китеп - читать онлайн бесплатно ознакомительный отрывок
Интервал:
Закладка:
Бул үч китептин жаралышына кызым Жылдыз Абакированынэмгеги аябай зор. Китепти баштан аяк редакциялап, уйкаштыгын келиштире көркөмдөп, толуктап оңдоп чыкты. Эгер анын эмгеги болбосо олдоксон уйкаштыгы жок бир китеп болуп калмак. Китептеги көп керексиз нерселерди такыр алып таштады. Ошондон кийин ушундай китеп жаралды. Ата: « Сизде музыкалык слух такыр жок ошол үчүн ырларыңыздын уйкаштыгы өтө начар» деп, мени уяткарып, аябай оңдоп кемелине келтирди. Мен ошондо уялып ыр жазбай эле койсом дегем. Бул китептерге дагы Айгүл Жүзөнованынэмгеги зор ал үч китепти карап кайра-кайра оңдоп чыкты. Ал: « Олдоксон жазылган ырды эч ким окубасын»– деди. Алардын эмгегин айта кетпесем болбойт. Ал эми баардык чыгармаларымды компьтерге басууда кичүү уулум Автандил Абакировдунэмгеги аябай зор болду. Эгерде ал болбосо, менин ишимиде кенедей жылыш болмок эмес. Анда ак кагазды карап жалдырап отура бермекмин. Ал бала кезинде жумуш иштеп, өзү кампьютер сатып алып, анан ишке киришкен. Менин чыгармаларымды жаза баштаган.
Муну жазыш үчүн көптөгөн санжыра китепти окуп чыктык. Баса үч китепти тең эчак эле тее илгери жазбадым беле андан бери канча замандар өттү. Андагы төрөлгөн балдар отузга чукулдап баратат.
Эми сөздү узарта бербейин калганын кийин сүйлөшө жатаарбыз. Баса бул китептеги жана өткөн китептеги кемчиликтерди айтып, же жазып берсеңер дурус болгон турат. Себеби ал кийинки чыккан чыгармада кайталанбаса болду.
Мен дагы эмнени айтайын дедим эле, мен улгайдым чачым ак чалды. Айлым үчүн Беккулу атанын тукуму үчүн колдон келе турган санжыраны жазып бердим. Алар ата-тегин билип, туулган жерин сүйүп, жашасын дедим. Колуман келген китептерди жазып бердим. Аларды көп китеп кылып чыгарыш өздөрүнүн эрки. Мен эч нерсе айта албайм. Санжырадан башка дагы менин көп иштерим бар: ырларым, жомокторум, поэмаларым, сатираларым, учкул сөздөрүм, мугалимдик чыгармаларым, достук тамашалар жана башка толуп-толуп жаткан эмгектерим. Кээ бир жерде мындай чыгармачыл кишилиерди эли колдойт экен бирок менин ага көзүм жетпейт. Анан тигил санжыраны чыгартып алыш алардын өз эрки. Ал болбосо, мен жазып берген машинка менен басылган кол китепти окуп жүрө беришсин. Менин тилегим ата-тегин билсе болду, андан башка нерсени деле каалабайм. Ал эми рухий маданиятын, байлыгын жогорулатуу ар бир адамдын өз иши.
« Илгери адамдар ар кандай окуялардын таш бетине чегип
«жазчу экен мен жердештнримин атын кагаз бетине чектим».
Автор
Түпкү атабыз Беккулу
Түгөл кыдыр даарыган.
Ушулардан кеп козгоп,
Улама баян жаңырган.
Санжыра
Алыс жакты серепчилеп карасам.
Көчмөндөрүм улантышат сапарын.
Ак баракка чиймелеймин акырын
Бабалардын үл-бүлдөгөн караанын.
Бабалардын караанына кагылып
Тизмектейин санжыранын барагын
Абалкынын элесине жалынып,
Тактайынчы аңгемемдин ар сабын.
***
Адамга туулган жери ыйык. Канча пенде алыста жүрүп туулган жерин сагынат. Көңүлүндө эргип ыр жазат. Ошондуктан бул китептеги ырлар ошол сагынычтан жаралса керек. Туулган жерге болгон сагыныч көзгө көрүнгөн буюм эмес. Ал адамдын жүрөгүндө кенч сыяктуу бекем катылып жатат. Аны адам өмүр бою жүрөгүндө бекем сактап ала жүрөт. Ошондуктан туулган жерге болгон сагыныч ыйык ыр же куш болуп учуп жүрө берет. Ал элес мындай чыкканда, туулган жерден алыстаганда пайда болуп, куш сымал абада калкылдап учуп турат. Андай ыйык куш ар бирибиздин жүрөгүбүздө бар. Ошол куш сайрап ыр жаратып жатса керек.
***
Үрүл-бүрүл бабалардын карааны,
Бул дүйнөдө аны кармай аламбы.
«Байкоо салып, көз жибер,-дейт алыска»
Баян айткан аңгемечи чал дагы.
Көз жиберсем Саманчынын жолуна
Бабалардын доошу келе баштады.
Дайым тынбай ыр артынан ыр жазып,
Дал ошентип жараткамын дастанды.
***
Айланайын Көкө Теңирим! Ала-Тоом – арка белим! Туулган Жерим – касиетүү мекеним. Ата-Бабам конгон конуштарым. Көпөлөк кууган адырларым, кырларым, мен кечип өткөн сайларым, ата-бабам өткөн жерлерим. Адам пендесинин төрөлмөгү бар, өлмөгү бар, тагдырдын жазмышын көрмөгү бар экен. Жалган дүйнөгө бир жаралдым. Келдим да ыңаалап үн бердим. Ал жышаана мен келдим, туулган жер өзүң күтүп ал, деген белгим. Ошентип өмүргө аттандым. Ак калпак кийип атам турду жанымда, ак элечек кийип энем турду кашымда, бакыт каалап бабаларым турду жанымда. Теңирден үн эшитилип турду: « Дүйнөгө бир жаралып келген соң, ак жана тунук жаша, тирүү пендеге тырмактын карасындай жаманчылык кылба! Адамдардын каргыш илкишине калба! Алар да сендей пенделер».
Кыямтат кайым ойлор адамдарга бүлүк салбасын! Кудайым ошондон сактасын! Эл-журт аман болсун, алардын амандыгы биздин дагы амандык. Өзүңөрдү ойлобой калайыкты ойлогула! Ар дайыма түз жолдо болгула! Айланайын Көкө Теңирим! Түбү түктүү ыйык Мекеним! Жаратканды сыйлаган сыяктуу пенделердин эмгегин, күч-кубатын, мэримдүүлүгүн, тазалагын баалайлы. Жакшылыкты баалайлы, урматтап сыйлайлы. Ааламда мен жалгыз эмесмин. Мен сыяктуу силер да жалгыз эмессиңер. Бири-бирибизге ак үмүт каалап, бир бололу! Биримдиктен бакыт жаралат. Элди бакыт аралайт. Мендеги бакыт элдики, элдеги бакыт меники. Эркин соккон тоо-талаанын шамалы, мага бакытты алып келгиле! Мендеги жакшылыкты башкаларга да бергиле! Ак калпакчан аталар, ак элечекчен энелер, ак кар баскан Ала-Тоосунда кылымдар боюу көч көчүрүп келетат. Көчүргөн көчү башка элден артта калбасын. Манас атанын арбагы сактасын! Эл аман болуп, журтка
жаманчылык келбесин. Бул китепти жазаарда жараткан кудайыма жалбарып алайын. Бул китепти жаздым. Аны ким окуйт; ким окубайт, ал тагдырдын иши. Бул китепти кантип жазбай коёмун. Киндик каным тамган жерди кантип унутайын. Эки тоонун ортосундагы айылымды кантип унутам. Караандары далдайган, элеси жүрөгүмө сиңип калган, Иймек, Котур-Төр, Арпа –Тектир, Ат –Жайлоо, Чоң-Таш жана башка жерлерди кантип унутам. Ошол жерде өнүп-өскөн жердештерими эстегенде, бул китепти окуганда алардын элеси көз алдыма даана тартылып келет. Тартылып келе берет.
***
Элдин көзү мени көрүп турат. Менин көзүм да элди көрүп турат. Мага кээ бириңер жакшы бакыт кааладыңар, аныңарга ырахмат. Жаманчылык санасаңар аныңарга капа болбойм, колуңардан келгениңер ошол экен. Ар бир пенде пейлинен тапсын. Туулган жерде эгин сугарып, мал бактым. Анын адыр түзөңүн кыдырып, кубат алдым, сергип калдым. Эл сыяктуу жашайын деп, үй салып, дарак тиктим. Дарагым мөмө байлады, куш конуп сайрады. Сыйкырдуу үндөрдү угуп, ырахаттандым. Дарактын мөмөсүн балдарым колун сунуп жеди. Аш болсун, самаганым ошол болчу. Бул дүйнөнү байкап ыр жаздым, самаганым ошол болчу. Ар бир пенде колунан келгенин аткарганы парз окшобойбу. Адамдарга аз эле өмүр берилет экен. Ошонусу арман тура. Ошол өмүрдө бир нерсени калтырып кетейин деп бел байлай чыктык. Биз өмүргө бир келген жолоочу экенбиз. Жолоочу жөн кетпей бир жакшы нерсени бүткөрүп кетсин. Анын жашоодогу парзы ошол окшойт. Жолдо бараткандар каңгырап бош кетпей, бир жакшы иш бүткөрүп кетсин. Өзүнүн өмүрүнүн бош кеткенин эстеп, капага батып азап чекпесин. Ошону эстесин. Кулагыма сыйкырдуу үн угулду, ата бабанын үнүн эшиттим. Туулган жер балалык өткөн аймакты карап, көзү өтүп кеткен жакындарымды, жердештеримди эстеп кайрадан-кайра ойго батам. Аларды эске салбаганда эмне кылат элем. Бир өмүр аяктаганда алардын катарына биз да барып кошулабыз. Жаратканымын мыйзамы ошондой, аны бизден сурап отурбайт. Аз өмүр калдыбы, же көп өмүр астыдабы, аны бир кудайым билеер. Тагдырга канча өмүр берилсе, ошого ыраазы бололу. Ага чейин кудай деп аман-эсен туралы.
Читать дальшеИнтервал:
Закладка: