Алымкан Карбозова - Таза ойлор Так сөздөр

Тут можно читать онлайн Алымкан Карбозова - Таза ойлор Так сөздөр - бесплатно ознакомительный отрывок. Жанр: Здоровье, год 2019. Здесь Вы можете читать ознакомительный отрывок из книги онлайн без регистрации и SMS на сайте лучшей интернет библиотеки ЛибКинг или прочесть краткое содержание (суть), предисловие и аннотацию. Так же сможете купить и скачать торрент в электронном формате fb2, найти и слушать аудиокнигу на русском языке или узнать сколько частей в серии и всего страниц в публикации. Читателям доступно смотреть обложку, картинки, описание и отзывы (комментарии) о произведении.

Алымкан Карбозова - Таза ойлор Так сөздөр краткое содержание

Таза ойлор Так сөздөр - описание и краткое содержание, автор Алымкан Карбозова, читайте бесплатно онлайн на сайте электронной библиотеки LibKing.Ru
Бул китеп аркылуу өзүңө керектүү маалыматтарды кабыл алуу менен бирге:– ден соолуктун бузулуу себептерин түшүнүп, денени жакшы иштетүүчү сөздөргө көңүл бөлсөң болот- өзүңдүн мүнөзүңдү түшүнүп, өзүңдү кандай болсоң ошондой кабыл алып, өзүң менен өзүң ынтымакта болууга аракет жасасайсың- коркунучуңду кыймылдатуучу күч катары колдонуп, алдыга жашоого жылыш керектигине ынанса болооруна өзүңө өзүң түрткү болосуң- келген ойлордун маанисин түшүнүп, керексизинен баш тартууну тажрыйбалайсың- учур чакта жашоонун сырлары жана тагдыр кантип бешенеге жазылаары жөнүндө түшүнүктөр айтылат.

Таза ойлор Так сөздөр - читать онлайн бесплатно ознакомительный отрывок

Таза ойлор Так сөздөр - читать книгу онлайн бесплатно (ознакомительный отрывок), автор Алымкан Карбозова
Тёмная тема
Сбросить

Интервал:

Закладка:

Сделать

Бирөөлөрдүн кемчилигине, жасаган ишине таң калуу, сөз кылуу, ушактоо же шылдыңдоо ордуна ал адамды туура “түшүнүү” башталат, же “ кандай болсо ошондой кабыл алууну үйрөнөсүң.

Алгачкы убакта жаңы баскан жаш наристедей там – туң басып, алдыга жыла баштайсың. Өзүңө өзң таң каласың.Кээ бир нерселерди биринчи жолу көргөндөй сезим пайда болот, андан коркпоо керек, болгону сен “аң сезимдин өзгөргөн жаңы жашоо этабына” өтөсүң. Бир деңгээлден экинчи этапка өттүң. Же биринчи класстан экинчи класска көчкөн сыяктуу, кызыктуу нерселерди көрүп, өзүңдүн ой жүгүртүүң менен анализдей баштайсың. Мээң аркылуу ойлонуп анализ жасоону үйрөнөсүң. Мээде кыймыл башталгандан кийин ден соолукта дагы өзгөрүү боло баштайт. Ал ден соолукка кадам коюу дегендик.

Ал эми, бул этаптан өтүү үчүн “өзүңдү өзүң сыйлап, колдоп, сүйүүнү “ үйрөнүү керек. Аны кантип жасоо керек десең, ал этап дал ушундай сөздөрдү айтып, ойлорду ойлоо менен башталат. Өзүңдүн жаратылышынан, туулгандан бар күчүңдүн касиети ойгонот.

[А] Мен, Сен, Ал, Биз, Дүйнө, Аалам, Кудай тынч!

Кандай ойлорду көп ойлойсуң?

Байкоо жүргүзөбүз:

Ооруунубу? Же ден соолуктубу? Өзүмдү кандайча сезем? “Оң жакка барсамбы же сол жакка барсамбы? Же акылымды башкарып, жүрөгүмдү уксамбы?

“Сезимиңде сезгениң” – бул чын жүрөктөн ойлонгонуң, Алла Таалага жөнөткөн ниетиң, каалооң, сезимиң, нуруң, сигналың.

Төмөндөгүдөй ойлор көп келеби? Акчам жок, кантип тирилигим өтөт?

Ар жерим ооруйт, рак болуп калдым окшойт. Карызым көп, кредитти, ипотеканы кантип төлөйм? Чындык жок, акча бербесең чечилбейт.Теңчилик жок, алдап койсочу? Мага жакшы жашоо буйрубаган. Кудайдан корком, кудай жазалайт?

Өлүп калат окшойм? Өлгөндөн корком. Уурдап кетпесин, азыр ууру көп.

Алым, күчүм жок. Кантип күрөшөм? Жашоо кызыксыз. Өлүп эле калсамбы?

Аялдар алдайт, азгырат, оору жугузат. Эркектер алсыз, сөзүндө турбайт, мени пайдаланат. Сүйүү жок, мени эч ким сүйбөйт, мен эч кимге керек эмесмин.

Үй – бүлөм жок, эмнеге турмуш кура албайм? Бай болгондон корком, бай болсоң душманың көбөйөт. Кембагалдык бешенемде жазылган,таманым жоор болуп өтөмбү? ж.б.у.с. келеби?

Эми, денени байкайбыз: Ар бир суроодон кийин токтоп, денеи бош кой, көздү жуумп тур, өзүңдү тыңшап ук. Дененин кайсыл жеринде ооруу кандай сезимден кийин жана эмнеден пайда болду? Башыңдын кайсыл тарабында ооруупайда болду? Денең – так жооп берет. Байка : жаман ойлогондо дене өзүн кандай сезди? Оорууну ойлогондо денең өзүн кандай сезди?

Мисалы: бут же жүрөк сайгылашып ооруп кетти, ошол дене мүчөңдөн кечирим сура, кечир. Мээңдин тартышкан жерин бош карма. Мээге түшүндүр. Менин мээм эми мага ал сезимдин кереги жок. Мен ал сезим менен кантип жашаганды үйрөндүм. Ракмат сага. Ыраазымын! Мен ден соолукта болууну чечтим! Ден соолукту тандадым! Ден соолуктун толкунуна уландым! – деп төбөңдөн энергия кирип жууп жатат деп элестет.

Кыялыңда көз алдыңда кандай түстөр пайда болду? Кетпей туруп калган түстөр менен сүйлөшө бер. Жашоонун кайсыл өнүгүү этабында болсоң ошол түс көбүрөөк өлчөмдө болот. Эгерде жаның байыркы жандардын катарында болсо аппак түстө же күн нурундай жарык түскө барганад жапжарык болуп көзүң өзү ачылып кетет. Эми көңүлүңдү ички дүйнөңө бур. Көзүңдү жумуп концентрация кыл. Түсү кандай? Ал түскө ыраазы бол, Миаслы: кызыл түс бутуңда турат, ошол түс менен сүйлөш -“Мен сени менен ушунча жыл бирге өмүр сүрдүм, сени кабыл алдым!Сени менен бирге кантип жашаганды үйрөндүм. Сага ыраазымын! – деп туруп көгүлтүр түстү элестет да жуулуп, тазаланып кетти деп ойлон. Кызыл түстөр эки буттуңдан жылып денеңден чыгып, Жерге сиңип кетти. Аны менен кошо жаман ойлор кетти. Денеңди бош карма, эки буттту кыймылдатып, “Ооруунун” денеден чыгып кетишине уруксаат бер. Себеби, ооруу– бул энергия, кыймылсыз уюп, туруп калган энергия. Ал эми энергия кыймылдайт, жылат. Аны массаж кылыш керек, же кыймылда. Көздү ачпай тур. Жаман ойду жакшыга өзгөртүп ойлоп, коюп жибериш керек. Оорууңду мээриңди төгүп узат. Ыраазылык билдир. Денени бош карма, дем ал, дем чыгар. Дем алуу менен денедеги туруп калган “энергия” жылат, коюуланган кан суюла баштайт. Денеде талыкшып, жүрөк сыгылган акыбал да байкалышы мүмкүн. Өзүңдү бош кармоого, чыдамкайлык менен ооруунун денеден чыгып кетүүсүнө жол бер. Ар кандай ооруу дене аркылуу акырын жылып – жылып таркай баштайт. Суусасаң жылуу суу коюп, ууртап ичип тур. Жүрөк, кан тамыр ооруулары менен ооругандар этияттык менен, акырындык менен аз аздан жасоосу керек, шашуунун кереги жок. Себеби, ал ооруу бир күндө пайда болгон жок да, аны өзүң жакшы түшүнөсүң. Бул нерсени баштап алгандан кийин күнү-түнү энергиялар жыла баштайт. Ошон үчүн, бул китеп адабий китеп эмес деп эскертип жатам. Денедеги дың жерлер өздөштүрүлүп, муздар эрий баштайт. Чыдап, улантуу керек. Ден соолукту бузуу оңой, калыптандыруу үчүн эскини денеден бошотуп коюп жиберүү керек. Эски энергия кетпесе, жаңысы кантип кирет? Эч ким эч кимге жооп бербейт, себеби өзүң бузгансың, өзүң аны оңдой аласың. Ал үчүн денеңди ук. Оюңдун тазалыгын сакта. Позитивдүү ойлон.

Булчуңдарды бошотуу, денени бош коюу, ар кандай ооруулардан бошонууга чоң жардам берет.

Бүгүнкү күндө канчага чыксаң, оорууну да ошончо жыл бапестеп бактың, эми аны менен коштошуу да акырындык менен болуусу керек. Коркуунун ордуна, ойдун оң жагын алуу керек. Бул сөздөр ойду оңдоого жардам берүүчү сөздөр. Ошон үчүн китептеги сөздөрдөн пайдаланууга болот. Эми, ден соолугу чың денени, мүчөнү элестет. Өзүңдүн сезимиң менен бекемде. Менин ден соолугум чың! – деп, өзүңдү өзүң күндө, ден соолугуң чың болгондой сез.

Күнүгө аз аздан жасап олтуруп, денени бош кармоого, ар кандай ооруулардан бошонууга үйрөнөбүз. “Көңүлдүн борбору “-ден соолукта болсун! Өзүңдүн ден соолукта баскан – турганыңды сез!”. Бул деген нерсе “өзүң менен өзүң иштеп, өзүңдү өзүң сүйүүгө үйрөнүү” болуп эсептелет. Сүйүүнүн нуру-жашоонун нуру. Жашоону сүй, ырахаттанып, ар бир көз ирмемде кубанып жаша!

Ойдун оңолушу – бул ден соолуктун оңолушу! Жашоонун өсүп өнүү нугуна бурулушу. Жаңы жашоону «куруу» болуп эсептелет.

Эми, жаман ойду жакшы ойго алмаштырып ойлоп көрчү, денеңде кандай өзгөрүү болот? Сезимиңде сез! Өзгөрткөндө энергиянын агымы жогорулайт, сезим жакшыра баштайт. Азыр ошол айырманы сезиш үчүн көнүгүү жасайбыз. Ар бирин айтып, дене менен сезип көргүлө. Кайсынысы жакты ошол ойду, сезимди көбөйтүп, эстеп калуу менен ден соолукту чыңдоого болот. Бул аң сезимди чектеген жакын ададмдардан, кошуналардан,элдин, мамлекеттин чектөөсүнө ишенеген ишенимдердин тоскоолдугу. Адам баласы ошол чектөөдөн чыга албай кыйналат. Бир убакта өзүң ошол нерсеге ишенип алгансың эми кайра өзүң ал ишенимден түшүнүү менен чыга аласың. Ишеним менен түшүнүү сенин жолуңду тосуучу дагы ачуучу дагы.Туура түшүнсөң өзүңө өзүң өтө чоң жардам бересиң.

Читать дальше
Тёмная тема
Сбросить

Интервал:

Закладка:

Сделать


Алымкан Карбозова читать все книги автора по порядку

Алымкан Карбозова - все книги автора в одном месте читать по порядку полные версии на сайте онлайн библиотеки LibKing.




Таза ойлор Так сөздөр отзывы


Отзывы читателей о книге Таза ойлор Так сөздөр, автор: Алымкан Карбозова. Читайте комментарии и мнения людей о произведении.


Понравилась книга? Поделитесь впечатлениями - оставьте Ваш отзыв или расскажите друзьям

Напишите свой комментарий
x