Мирлан Калдыбаев - Бөбөктөр үчүн. Кыргыз эл жомоктору

Тут можно читать онлайн Мирлан Калдыбаев - Бөбөктөр үчүн. Кыргыз эл жомоктору - бесплатно ознакомительный отрывок. Жанр: Прочая детская литература. Здесь Вы можете читать ознакомительный отрывок из книги онлайн без регистрации и SMS на сайте лучшей интернет библиотеки ЛибКинг или прочесть краткое содержание (суть), предисловие и аннотацию. Так же сможете купить и скачать торрент в электронном формате fb2, найти и слушать аудиокнигу на русском языке или узнать сколько частей в серии и всего страниц в публикации. Читателям доступно смотреть обложку, картинки, описание и отзывы (комментарии) о произведении.

Мирлан Калдыбаев - Бөбөктөр үчүн. Кыргыз эл жомоктору краткое содержание

Бөбөктөр үчүн. Кыргыз эл жомоктору - описание и краткое содержание, автор Мирлан Калдыбаев, читайте бесплатно онлайн на сайте электронной библиотеки LibKing.Ru
Ар бир адамдын бала чагы жомоктор менен байланышкан. Жомоктор элдик ооз эки чыгармалык менен бирге пайда болгон жана ата-бабаларыбыз жомок аркылуу балдарына таалим-тарбия бере алган.

Бөбөктөр үчүн. Кыргыз эл жомоктору - читать онлайн бесплатно ознакомительный отрывок

Бөбөктөр үчүн. Кыргыз эл жомоктору - читать книгу онлайн бесплатно (ознакомительный отрывок), автор Мирлан Калдыбаев
Тёмная тема
Сбросить

Интервал:

Закладка:

Сделать

– Билбейм! -деп жооп берет. Анда дос житити:

– Өңүндүн саргарганын сен билбесең, мен билем. Аялың аял эмес, карган ажыдаар. Бул карыганда оокат кыла албай калганда кубулуп келин болгон. Муну алдың, азапка калдың. Өзүңдү баш кылып бул шаарды сордурасың, -дейт. Сулууну алган жигит ишенбейт: «Кантип эле ажыдаар аял болуп калсын», -деген ойго келет. Анда берки дос жигити:

– Болуптур, мага ишенбесең бара көрөбүз, -дейт. – Сен бүгүн түнү чыпалагыңды кес. Чыпалагыңды чынанган тузга малып жат. Аялың таңга маал уктайт, ошоңдо курсагын сына, киндик болсо аялың киши, киндиги жок болсо, аялың кар-таң ажыдаар, элдин убалына калба, -дейт.

Баягы жигит досунун тилин алып, колун кесип тузга малып, аялынын ичин сыйпаласа, киндиксиз. Шек алдырбай эртең менен эрте туруп:

– Сенин айтканың чын экен, -деп досуна баягы сөздү жашырбай айтат. Анда досу:

– Мен сенин сулуу аялыңды көрө албагандай ойлодуң эле. Бүт иш чындык болду. Бирок аялыңдын эки айлык боюнда бар. Ошол аялың төрөгөнчө, соода кылам деп бир шаарга кет. Тогуз ай, тогуз күндү болжоп үйгө кел. Ошол учурда аялың толготуп төрөйт. Ошо менен макул болуп шаарга кетип, айтканындай тогуз айда кайта келип досуна учурайт.

– Эми бүгүн аялың толготуп жатат. Бала жуп төрөлүп түшүп баратканда, аялыңдын мойнун кыя чап! -деп колуна кылыч берет. Ошондо сөөгү эрип, көлкүлдөп жумшап калат. Бир өлтүрсөң ошондо өлтүрөсүң. Бирок баланы ылдам ал, -дейт.

Айтканындай төрөп жатканда кылыч менен аялынын мойнун кыя чапса, башы өгүздөй, денеси кырк кулач ажыдаар болуп сулайт. Баягы аял эркек төрөйт. Баланы антип-минтип энесинин алдынан алганча, энесинин мойнундагы эки тамчы кан баласынын көкүрөгүнө таамп калат. Баланы ороп:

– Эмне кылам, -деп баягы досуна барат. Ошондо досу:

– Аялыңдын терисин сыйрып алып, калган денесин өрттөп ийгин! -деп колуна бир куура кестик берет. Кара кестик менен ажыдаардын терисин тилсе, ажыдаардын терисинин калыңдыгы үч карыш болот. Терисин сыйрып алып, денесин отко өрттөйт. Ушуну менен бала чоңоет. Он сегиз жашка чыккан учурунда бир көтөрүп келген отуну бир шаардагы элге бир кышка жарайт. Бир ичкенде бир шаардын тамагын бир ичкен, ушунчалык алп, күчтүү бала болот. Күңдөрдүн биринде баягы досу учурайт.

– Ии, досум, баягында мага ишенбей, аялымдын сулуусуна ичи тарып жатат деп ойлодуң эле. Бул чындык болду. Эми балаң кандай? -деп сурады. Аңда сулуу аял алган жигит:

– Таң, билбейм, баланын бир көтөрүп келгенин бир шаар бир жыл оокат кылат. Бир жолу ичкенде бир шаардыкын бир эле ичет. Аңда досу айтат:

– Болуптур, досум, мени достукка санап, балаң экөөң тезинен үйгө келип, конок болуп кет, -дейт.

Берки жигит макул болуп, алты күндөн кийин барса, берки досу бир темирден үй жасайт. «Темир үйдүн ичин кызыл-тазыл кооз кылат. Өзү ачылып, өзү жабылган эки жагынан эшик жасайт. Досуна жакшылап тамак берет. Баягы баласы экөөн ээрчитип темир үйгө астына өзү, ортосуна досу, артынан бала кирет. Өзү менен досу мурда чыгат. Баягы үйдүн ичиндеги кооздолгон нерсени карап, бала алаксып ошол үйдө калат. Эки дос ээрчишип эшикке чыгышат. Бала элең-булаң эки жакты карагыча, үйдүн ичиндеги эшик тарс жабылып, бекилип калат. Бала бакырганда деминен темир көккө үч тийип, жерге үч түшөт. Досу эл-журтту жыйдырып, темирден казык кылдырып, чынжыр менен чырматып, темир үйдү жерге кагат. Бир сындырым нан, суу менен жети күнү баланы багат. Жети күндөн кийин өзөгү карарып, бала жыгылат. Жети күнгө чейин берки досу жетимиш кулач ор каздырып, бир бээни жардырып, жылкынын эки казысын катар койдуруп, жети нан үстүнө, жети кетмен астына коюп, казган оруна таштайт. Жетимиш балбанга жетелетип баланы ордун үстүнө алып барат. Ачыгып калган бала оп тартып, нанды, этти караганда баланын оозунан эки жылан атып түшүп, нан менен баягы жылкынын казысына барып сайылып, бала чалкасынан кетет. Ошондон кийин бала куландан соо таптаза болуп тамак ичип, адам болуп калган экен.

ҮЧ КЫЗ

Илгери-илгери бир кишинин үч кызы болуптур. Улуусу күзгүгө каранып отурганды жакшы көрсө, ортончусу таранганды сүйөт. Кичүү кызы куурчагына кийим тигүү, менен алек болот. Күндөрдүн бир күнү энеси кыздарды карагат терип келүүгө жиберет. Үчөө үч баштык алып, карагат терүүгө женөйт.

Карагат калың өскөн жерге келишип, а дегенде кызыгып жешет. Бир аздан кийин тиштери камалып, карагат жегиси келбей калат. Анан баштыктарына тере баштайт. Толоюн деп калганда шагылга улам бири төгүп алып, кайра терип отурат, кыздар кеч киргенин байкабай калат. Күн батканын акыры байкашып, кыздар үйүн көздөй жол тартат. Бир аз баскан соң караңгы кирип, үй кайда экени билинбей калат. Кыздар коркуп, ылдыйлап басып келе жатса, үлпүлдөп күйгөн жарык көрүнөт. Ошол жарыкка бет алып үчөө жүрө берет, жүрө берет. Чарчап-чаалыкканда акыры жарык күйгөн жерге да келип жетишет. Жыртык-тешиги көп жаман үйгө кирип келишсе, босогонун бир жагында турган соку, экинчи жагында турган сок-билектен башка эч нерсе көрүнбөйт. Коломтодо жылтырап от күйүп турат, оттун жанында саксайган бир кемпир отурат. Ал кыздарды көрө коюп:

– Ырас келбедиңерби, отургула. Далайдан бери жолум болбой жүрдү эле, бүгүн бир курсагым тоет экен, -дейт.

Анын кейпин көрүп, сөзүн уккан кыздар коркконунан очоктун жанына отура калышат. Анда баягы кемпир: «Сен үйдүн үстүндөгү чамгаракка чыгып, эки жакты карап жат», -деп кыздардын улуусун ал жакка жиберет. «Сен туурдук менен чийдин ортосуна жат, сырттан бирөө келе жатса мага айт», -деп туурдук менен чийдин ортосуна таңып коет. Кыздардын кичүүсүнө: «Сен кичинекей экенсиң, мен өз койнума алып жатайын, чачыңдан жыттап, көңүлүмдү ачайын», -деп айтат.

Кичүү кызды койнуна алып жатып баягы жез кемпир чачын жыттамыш болуп кыздын канын соро баштайт. Ошентип жатып баягы кыз да, кемпир да уктап калат. Чамгаракта жаткан улуу кыз эки жакты карап көрүп, башка жакка адашып келгенин, саксайган неме жөн кемпир эмес, жез кемпир экенин билет. Акырын түшүп келип туурдук менен чийдин ортосундагы сиңдисин бошотот. Анан кичүү сиңдисине келишип, акырын караса, жез кемпир канын соруп жатып уктап калганын көрүшөт. Жерде жаткан талпактын бир учун жез кемпирдин оозуна салып, сиңдисин бошотуп алып үчөө качып жөнөйт.

Аз жол жүрдүбү, көп жол жүрдүбү, бир маалда канын сордуруп койгон эң кичүү кыз чарчап, жүрбөй калат. Кыздар бир аз дем алып олтурат. Ошол мезгилде таң атып, айланага жарык кирет. Бир аз дем алып олтурганча жерди жарган дабыш чыгат. Кыздар ары-бери караса баягы жез кемпир чачын саксайтып, көзүн ыкшыйтып сокусун минип, сок билегин камчыланын келе жатат. Кыздар коркуп эмне кыларын билбей, дал болуп калат. Аңгыча жез кемпир ат чабым жерге жакын келип калат. Ошондо кыздардын улуусу күзгүсүн ала коюп: «Сени далай карадым, Бир керекке жарагын», -деп ыргытын жиберет. Күзгү жез кемпирге жакын барып түшөт. Анын түшкөн жерине көз ачып-жумгуча баш-аягына көз жетпеген деңиз пайда болуп, жез кемпир аркы өйүздө, кыздар берки өйүздө калат. Кыздар сүйүнүп, үйлөрүн көздөй жол тартышат.

Читать дальше
Тёмная тема
Сбросить

Интервал:

Закладка:

Сделать


Мирлан Калдыбаев читать все книги автора по порядку

Мирлан Калдыбаев - все книги автора в одном месте читать по порядку полные версии на сайте онлайн библиотеки LibKing.




Бөбөктөр үчүн. Кыргыз эл жомоктору отзывы


Отзывы читателей о книге Бөбөктөр үчүн. Кыргыз эл жомоктору, автор: Мирлан Калдыбаев. Читайте комментарии и мнения людей о произведении.


Понравилась книга? Поделитесь впечатлениями - оставьте Ваш отзыв или расскажите друзьям

Напишите свой комментарий
x