Мирлан Калдыбаев - Бөбөктөр үчүн. Кыргыз эл жомоктору

Тут можно читать онлайн Мирлан Калдыбаев - Бөбөктөр үчүн. Кыргыз эл жомоктору - бесплатно ознакомительный отрывок. Жанр: Прочая детская литература. Здесь Вы можете читать ознакомительный отрывок из книги онлайн без регистрации и SMS на сайте лучшей интернет библиотеки ЛибКинг или прочесть краткое содержание (суть), предисловие и аннотацию. Так же сможете купить и скачать торрент в электронном формате fb2, найти и слушать аудиокнигу на русском языке или узнать сколько частей в серии и всего страниц в публикации. Читателям доступно смотреть обложку, картинки, описание и отзывы (комментарии) о произведении.

Мирлан Калдыбаев - Бөбөктөр үчүн. Кыргыз эл жомоктору краткое содержание

Бөбөктөр үчүн. Кыргыз эл жомоктору - описание и краткое содержание, автор Мирлан Калдыбаев, читайте бесплатно онлайн на сайте электронной библиотеки LibKing.Ru
Ар бир адамдын бала чагы жомоктор менен байланышкан. Жомоктор элдик ооз эки чыгармалык менен бирге пайда болгон жана ата-бабаларыбыз жомок аркылуу балдарына таалим-тарбия бере алган.

Бөбөктөр үчүн. Кыргыз эл жомоктору - читать онлайн бесплатно ознакомительный отрывок

Бөбөктөр үчүн. Кыргыз эл жомоктору - читать книгу онлайн бесплатно (ознакомительный отрывок), автор Мирлан Калдыбаев
Тёмная тема
Сбросить

Интервал:

Закладка:

Сделать

Жез кемпир сокусун кайык кылып минип, сок-билегин калак кылып деңизден сүзүп жөнөйт. Кыздар жол жүрүп отуруп курсагы ачып, өздөрү чарчап бир жерге түнөп чыгат. Эртең менен күрүлдөгөн дабыштан кыздар ойгонуп кетип, эки жагын караса, баягы жез кемпир жакын келип калганын көрүшөт. Эмне кыларын билбей, шашып турганда жез кемпир бута атымдай жакындап калат. Ошондо ортончу кыз: «Тарагым, тарагым, Бир керекке жарагын», -деп жез кемпирди көздөй тарагын ыргытып жиберет. Анын тарагы жез кемпирге барып түшөт. Тарак түшкөн жердин айланасына чычкан мурду жөргөлөгүс чытырман токой пайда болот. Жез кемпир аркы жакта, кыздар берки жакта бөлүнүп калат. Кыздар сүйүнүп, үйлөрүн көздөй жолун улантат.

Ал мезгилде жез кемпир сокусун араа кылып, сокбилегин балта кылып, түнт токойдун жоон жыгачын аралап, ичкесин балталап кесип, алдыга жыла берет. Аз жол жүрдүбү, көп жол жүрдүбү, кыздар курсагы ачып, кубаты качып, бир жерге түнөп жатат. Таң агарып аткан кезде жерди жарган үн чыгып, баягы жез кемпир келе жатканын көрүшөт. Кыздар коркуп, эмне кыларын билбей дал болуп туруп калат. Аңгыча жез кемпир чукул кирип келет. Ошондо кыздардын эң кичүүсү: «Ийнем-ийнем, ийип кет, Жер түбүнө кирип кет» -деп ийнесин жез кемпирди көздөй ыргытып жиберет. Ийне жез кемпирдин жанына барып түшөт. Ийне түшкөн жер көз ачып-жумгуча оюлуп, түбү жок чуңкур ор жаралат, ага сокусун минип, сокбилегин камчыланып жез кемпир кирип кетип, ошо бойдон жок болот. Кыздар сүйүнүп, бир аз дем алып, эки жагын карайт. Караса, жакын эле жерде өздөрүнүн үйү көрүнөт. Сүйүнүчү койнуна батпай кыздар үйлөрүнө чуркап келишет. Эмне көрүп, эмне кылгандарын биринен бири талашып айтып беришет.

МҮНҮШКӨР

Илгери-илгери он жети жашар мүнүшкөр бир байдын үйүнө келип консо бир бүркүт турат. Эртең менен бай байбичеси экөө желеге бээ байлайлы деп кетишет. Бала бүркүткө карап:

– Кайран асыл, билген кишинин колуна тийбей, билбес кишинин колуна тийипсиң, -деп сүйлөнөт.

Анын сөзүн угуп калган бир бала байга барып:

– Үйдөгү конок бала бүркүттү «кайран асыл, билген кишинин колуна тийбей, билбес кишинин колуна тийип калыпсың» -деп жатат, -дейт.

Балага келип бай:

– Бүркүттү таптап бергин, -дейт.

– Бүркүттү таптоону билбеймин, -дейт бала.

– Балам, ушул бүркүттү таптап берсең, кызымды сага беремин, -дейт бай.

Ошондо бала макул болуп:

– Эки жыл туу калган бээ тап, бир боз үй тиктирип коюңуз, ал үйдүн ичинде эч нерсе болбосун, ага бүркүттү коёмун жана бээни союп этин киргиземин, -дейт. Бай эки жыл туу калган бээни алып келет жана бир үйдү тиктирип даярдайт, үйдүн ичине эч нерсе койдурбайт.

Бала бээни сойдурат, аны бүтүн үйгө киргиздирет. Бүркүттү да кийирип байлабай бош коет. Ал чыгып кетпей турган кылып үйдү жылчыгы жок бекитет. Ошентип бүркүттү камап коет да, кээде гана суу берип коюп жүрөт. Бүркүт бээнин этин жеп бүтүп, семизинен басалбай калат. Бала: «Басалбай калган бүркүт таптоого оңой болот» деп, таптай баштайт. Бир ай таптагандан кийин аны түлкүгө салуу үчүн алып чыгат. Бир топ киши менен бала кыдырып жүрсө, бир кара түлкү чыга качат да, бүркүттү көрө салып тиктеп туруп калат, ал жөн түлкү эмес калтар экен. Бала бүркүттүн томогосун башынан алат да, бирок бүркүттө калтарга салбай томогосун кайра кийгизип коет. Бала менен бирге жүргөн кишилер: «Бүркүттү эмне салбайт?» деп таң калышат.

Бала бүркүттү томогосун дагы башынан шыпырып алып, бүркүттү салбай томогосун кайра кийгизип коет. Баланын жолдоштору «бул бала бүркүтүн эмне салбайт, калтарды бизге ыраа көрбөй турат го» дешип наалышат.

Бала томогону алып бүркүттү шилтейт. Бүркүт калтарга карабай асманга кетет. Калтар болсо алдыңкы эки бутун көтөрүп асманды тиктеп калат. Бүркүт өтө бийик көтөрүлүп, карааны көзгө көрүнбөй үлбүлдөп калган кезде шукшурулуп тик сайылып келип калтарды башынан мыкчый кармап көккө көтөрүлдү да, жерге таштап жиберди. Калтарды алышкандан кийин жолдоштору: – Эки жолу бүркүттүн томогосун алдың, бирок салбадың, үчүнчү жолу гана салдың, мунун себеби кандай? -деп баладан сурашат.

– Биринчи жолу асыл менен асыл кантип беттешет деп бүркүттү калтарга салууга колум барбады. Экинчи жолу асылды асыл кантип кыят деп салууга колум барбады, үчүнчүсүндө тобокел деп чымырканып туруп бүркүтүмдү кое бердим, бүркүттүн асманга бийик чыкканынын себеби, ал канчалык бийик көтөрүлсө, ошончолук тиктей берип түлкүнүн көзүнө жаш толот, качырып келе жаткан бүркүттү көрбөй калат. Акчекир деген бүркүт ушул, -деди бала.

Эл: «Чынында байдын кызы балага ылайык экен» дешип, баланы үйлөндүрүп-жайландырып коюшат.

ЖЫЛАН МЕНЕН КИШИ

Илгери- илгери бир дыйкан болгон экен. Эгинин отоп жүрсө, жакын эле жерден ышкырган дабыш чыгат. «Эмне болду экен?» – деп карай калса, бет маңдайында эки- үч кадам аралыкта эгинден да бийигирээк болгон жылан куйругу менен тикесинен турат. Дыйкан апкаарып жыланды тиктеген боюнча туруп калат. Баягы жылан да кишиден көзүн албай, тостоё тигилет. Дыйкан да көзүн ирмебей көпкө чейин карап тура берет.

Бир топтон кийин дыйкан жылан менен арбашып калганын билип, бир аз эсин жыйып, мындай учурда эмне кылуу керзк экенин элден уккандары боюнча жасоого аракет кылат. Жылан менен арбашып турганда ал кыймылдап, же бурулуп кетпей, жыландын атын табууга аракет кылып, ар кандай ысымдарды айта баштайт: «Мар», «Могой», «Мокочо», «Кайыш», «Айнек», «Айнеккөз», «Уу», «Заар», «Чаар»!

Бирок жылан эч кыймылдабай тикесинен катып турат. Дыйкан жыландын аты ушул болуп калбасын деп болжогон сөздөрүн жобурап улантат. Бирок таба албайт. Жылан анда- санда ышкырып коюп, тилин соймоңдотуп, дыйкандан көзүн албай кыймылсыз. Булардын арбашуусу созула берип, бир топ убакыт өтөт.

Түш ченде дыйкандын кызы атасына тамак алып келет. Келсе, атасы жылан менен тиктешип турат. Атасы күндүн ысыгына какталып тура берип, бүткөн боюнан шорголоп тер кетип, деми кыстыгып, ичи көөп бара жаткан экен. Жыланды караса анын да ичи көөп, шайы кетип, көзү тостоюп чанагынан чыгарына аз калыптыр. Кыз жүрөгү түшүп бир кадам жасай албай каккан казыктай туруп калат.

Кызыын келгенин билген дыйкан: «Топчумду чеч!» – деп айтууга гана араң кудурети келет. Эмнегедир шол замат баягы жыландын ичи тарс эте жарылып, сулап жатып калат. Көрсө, жыландын аты «Топчу» экен. Жыландын аты табылган соң, ичи жарылып кетиптир.

Жылан менен арбашкан адам, жыландын атын таба албаса ичи көөп, жарылып өлөт экен.

Ошентип дыйкан жыланды жеңип бала- бакырасы менен аман- эсен оокатын кылып жатып калган экен.

ОТУНЧУ ПАДЫША Бир заманда Султаналы деген отунчу болгон экен Өзүнө ылайык - фото 4

ОТУНЧУ ПАДЫША

Бир заманда Султаналы деген отунчу болгон экен. Өзүнө ылайык кембагалдын кызы Умсунайга баш кошуп «эки бакыр, бир тукур» болуп оокат кылышат. Аялы көп кечикпей эле эркек төрөп бериптир. Баланын кубанычы менен жылаңач- жабык эстен чыгып кетет. Мырза аттуу баласы бат эле чоңоюп, он жашка чыгат.

Читать дальше
Тёмная тема
Сбросить

Интервал:

Закладка:

Сделать


Мирлан Калдыбаев читать все книги автора по порядку

Мирлан Калдыбаев - все книги автора в одном месте читать по порядку полные версии на сайте онлайн библиотеки LibKing.




Бөбөктөр үчүн. Кыргыз эл жомоктору отзывы


Отзывы читателей о книге Бөбөктөр үчүн. Кыргыз эл жомоктору, автор: Мирлан Калдыбаев. Читайте комментарии и мнения людей о произведении.


Понравилась книга? Поделитесь впечатлениями - оставьте Ваш отзыв или расскажите друзьям

Напишите свой комментарий
x