Ильгиз Талип - Мекендин асыл инсаны. Залкардын жылдыздуу элеси

Тут можно читать онлайн Ильгиз Талип - Мекендин асыл инсаны. Залкардын жылдыздуу элеси - бесплатно ознакомительный отрывок. Жанр: Зарубежное современное. Здесь Вы можете читать ознакомительный отрывок из книги онлайн без регистрации и SMS на сайте лучшей интернет библиотеки ЛибКинг или прочесть краткое содержание (суть), предисловие и аннотацию. Так же сможете купить и скачать торрент в электронном формате fb2, найти и слушать аудиокнигу на русском языке или узнать сколько частей в серии и всего страниц в публикации. Читателям доступно смотреть обложку, картинки, описание и отзывы (комментарии) о произведении.

Ильгиз Талип - Мекендин асыл инсаны. Залкардын жылдыздуу элеси краткое содержание

Мекендин асыл инсаны. Залкардын жылдыздуу элеси - описание и краткое содержание, автор Ильгиз Талип, читайте бесплатно онлайн на сайте электронной библиотеки LibKing.Ru
Кулназар Ташиевич өзү менен иштеген кадрлар алдында талапты катуу койчу, аткени менен аларга адамгерчиликтүү мамиле кылчу. Сүйлөгөн сөздөрү так, маанилүү, коммунистерге жана эмгекчи элге түшүнүктүү, жүргөн-турганы башкаларга үлгү эле. Ташиевдин ысмы, жасап кеткен иштери социалистик коомубузду активдүү куруучулардын катарына кирет, советтик мекенибизди фашистик баскынчылардан коргогон патриотторго, баатыр жүрөк коммунистерге кошулат.Абсамат Масалиев, Кыргыз эл баатыры.

Мекендин асыл инсаны. Залкардын жылдыздуу элеси - читать онлайн бесплатно ознакомительный отрывок

Мекендин асыл инсаны. Залкардын жылдыздуу элеси - читать книгу онлайн бесплатно (ознакомительный отрывок), автор Ильгиз Талип
Тёмная тема
Сбросить

Интервал:

Закладка:

Сделать

Күлкүсүн ичине катып, араң чыдаган катчы бул абалдан кандайча чыгып, алабарман аткаруучуну жолго кантип салгандыгына кепил өтө албайбыз. Кептин баары-ошо оозу күйгөн дардаңкүүнүн бул окуя тууралу башкаларга жайып ийип, дагы бир жыдыгандыгында. Ага жолуккан тең аталар: – А, ортак, баланчауп, энеңизди Үч-Коргондон таптыңызбы, же машинелерди даярдап койдуңузбу? – деп жүрүшүп, аябай жүдөтүп бүтүшкөнүн азырга чейин айтып жүрүшөт…

Ошол 30-жылдары элет жериндеги жетекчилер эмес, борбордун тегерегиндеги райондогулар да чарбаларды ат минип кыдырыша турган. Ал эми комсомолдук кызматкер түгүл, орто звенодогу атка минер ыктуусу, азаматтан мыктуусу деле айылдарды жөө-жаландап аралашчу…

Айрыкча жалгыз чыйыр жолду күрткү уруп, кар боройлогон боорондуу күндөрдө, аптап алсыратып, топурак тозондогон саратанда жол жүрүү азапка эле турган. Бирок, жаңы замандын жалын-деми менен жашап, лениндик идеяларды туу туткан жана өлкөнүн өнүп-өнүгүшүнө өз салымын кошсом деп жан-дили өрөпкүгөн андагы атуулдар бул кыйынчылыктар убактылуу деп терең ишенишкен.

Анткени, ошол жылдары ДнепроГЭС, Комсомольск-на-Амуре, Волга-Дон каналы, Магнитогорск, Турксиб темир жолу сыяктуу улуу курулуштардын даң-шоораты дүң болуп, элибизди эмгектеги эрдиктерге шыктандыруу менен жаркыраган келечектин кенен панорамасын тарткан. Учурдун ушундай гиганттарында советтик жаштар чыныгы патриоттукту көрсөтүп рекорддорду жаратышкан. Ал кезде П. Ангелина, А. Стаханов сыяктуу каармандардын ысымдары граждандык согуштун баатырлары Чапаев, Котовский, Лазо, Буденный, Ворошилов ж. б-лар менен бир катарда айтылып, символго айланган эле. Алардын үлгүсүндө жаш муун тарбияланып, ошол идиалдарды тууроого аракеттенишкен. Ал эми П. Морозов, К. Жакыпов сыяктуу эр- жүрөк жеткинчектердин мисалында кызыл жагоочандардын кыйла мууну тарбияланган. Арийне, ар-бир доор өз деңгээлине жараша идеологиясын жаратып, ага коомдун мүчөлөрүнүн табынуусун көздөйт.

Ал эми кечээ эле кош эзүүнүн астында болуп, караңгылык каптаган улуу империянын булуң-бурчтарындагы калктар үчүн ынкылап шаңкар тоону жарып, жарык чачкан жанар тоо сыяктангандыгы айныксыз чындык!

Андыктан кечээ эле кедей-кембагалды өлсө-кунсуз, сатса-пулсуз санаган бай-манапты мындай кой, башын барандачылык санабаган басмачылардын зордук-зомбулугун башынан кечирген элге Октябрдин тартуулаган азаттыгы, камкордугу алмустактан эңсегенге барабар эле. Ушундан улам Совет бийлигин колдобогон, аны алкабаган жана ага так кызмат кылууну өз насилине насыяттабаган ата-энелер да калбаган. Ал эми мындай үгүт-насыяттын от тутантуучусу, шамдалын көтөрүп жүрүүчүсү дал Кулназарга окшогон баштамалдары болушкан. Жаш муундардын жан дилинде патриоттук сезимди ойготуп, оборун оболотуш үчүн аларды суктандырган жана шыктандырган идеалдарды табыш керек болгон. Бул үчүн бай материалды турмуштун өзү берип жаткан. Башкасын айтпаганда да Н. Островскийдин «Болот кантип курчуду» аттуу белгилүү чыгармасы миллиондорду эрдикке сүрөгөн, эркин кайрактай бүлөгөн урунчу усулу сыяктуу болгон. Дээринен зирек улан учкун алдында жүрүп, рухий дүйнөсүн байытууга, учурдун талабына жараша татыктуу тарбиячы болууга умтулган. Басса-турса анын колунан китеп деген түшчү эмес. Ушундан улам ал Фрунзе менен Ташкент тарапка каттаган тааныштары болсо, китеп алып келүүнү өтүнө турган. Адам умтулса, эмнелерге жетерин, алдыга кандай улуу максат коюп жашоо керектигин туюнтуу менен өзү туу туткан принциптер тууралуу кабардар кылган. Мындай жолугушуулардан соң өспүрүмдөрдө аң-сезим ойгонуп, өлкө ишине жараган жаран болуу жөнүндө ойлор обор кызытпай койбогон…

Дегинкиси, Кулназар өз курбалдаштарынын жан-дүйнөсүн жакшы билүү менен аларды айтканына ынандырып, артынан эрчитүү үчүн жекече үлгү көрсөтүү да керектигин түшүнгөн. Ошондон улам ал мектепте эле жалаң окуунун отличниги болуу менен чектелбестен пионер вожатыйлык милдетти да аткарып, комсомол уюмуна жардам берген, анын тапшырмаларын так аткарган. Анын окуу отличниктеринин республикалык майрамына Куршап ЛЖС райкому жана райОНОсу тарабынан делегат катары жиберилиши да бул сөзүбүздү ырастайт.

Комсомолдун райкомунда бир жыл иштегенден кийин Кулназар билимин өркүндөтүп, бир адистик алууну чечет. Анын бул оюн бюро мүчөлөрү кубатташып, эң жакшы мүнөздөмө менен жолдомо беришет. /Бул жерде Кулназар аганын ашкере тыкандыгын ашкерелеген бир фактыны айта кетүү абзел. Ал 1934-ж. «КП» газетасына жарыяланган кабардан баштап, өмүрүнүн акырына чейин өзүнө тиешелүү болгон документтердин бардыгынын көчүрмөсүн тиркеп жүргөн. Андыктан бул инсандын таржымалына, басып өткөн байсалдуу жолуна кызыккан изилдөөчүлөр ар кыл архивдерди аңтарып убараланбастан андан калган ушул мураска эле кайрылса, каалаган маалыматын табар эле/.

Кыязы айыл жеринде туулуп-өсүп, дыйкан эмгегинин баркын билгендиктен жана анын акыбетин кайтаруу үчүн агротехниканын мааниси канчалык экендигине көзү жеткендиктен ал Кыргыз ССРинин Фрунзе шаарындагы Коммунисттик айыл чарба мектебин тандап алган. Кийин институтка жерпай болгон бул окуу жайында ошол кездеги кыргыздын алгачкы айыл чарба адистери сабак беришкен. Алардан кийин ири илимпоздор өсүп чыккандыгы да белгилүү. Мектеп аталганы менен мында кеңири профилдеги жана жеткилен билими бар адистерди даярдашкан. Тубаса талантынанбы, же турмуштук тажрыйбасынанбы – ошондой мектеп, техникумдарды 30-жылдары аяктагандардын жогорку окуу жайларын бүткөн адистерден кыйла артыкчылык кыларына биз көп эле күбө болгонбуз.

Акыйкатында ошолор эл чарбасынын бардык тармактарында командир болушуп, өлкөнү «буурусундан атомдук куралы бар державага» чейин көтөрүп чыгышпадыбы! Бул революциялык дух жараткан күжүрмөн күрөштүн жемиши жана жеңиши болгон. Ар-бир атуул андан Мекени эмне күтүп жаткандыгын айкын түшүнгөндө жана жоопкерчилигин сезгенде ар-кандай бийиктик алына тургандыгын тарых өзү көрсөттү. Кечээ эле караңгылыктын касабасы каптап жаткан кыргыз жергесинде кооперациялар, коллективдүү чарбалар уюштурулуп анын артыкчылыгына баарынын көзү жете баштады. Ошол учурда «Кадрлар бардыгын чечет» деген ураандын ташталышы да бекеринен эмес эле. Дал ушул жаатта каатчылык болгондуктан жаштарда жаңы адистерди даярдоого өзгөчө маани берилген. Партия менен өкмөттүн мындай камкордугуна жаштар да татыктуу жооп берүүгө астейдилден умтулушкан.

Буга да Кулназардын окуу жайындагы жетишкен ийгиликтери кубө. Ал элеттен келдим дегендей чочуркабай эле курсташтарынын ичинде бат эле лидерликти ээлеп, комсомол уюмунун жетекчилеринин бирине айланат. Анын демилгеси менен өздүк көркөм чыгармачылык ийрими уюштурулуп, ага өнөргө шыктуу кыз-уландар тартылат. Бул топтун катышуучулары даярдаган оюн-зоокторго курсанттар гана эмес, шаардык көрүүчүлөр да агылып келип, эстетикалык зор канагат алышкан. Алардын аябагандай жактырган номерлери да боло турган. Анын бири Кулназардын аткарган «Андижан полькасы» эле. Музыканын ыргагына шай келип, дене-боюнун сөөгү жоктой ийкемдүү кыймылдашы жана образды ачуу үчүн улам жаңы пластикалык каражаттар тапкандыгы көрүүчүлөрдү таң калтырган. Сахнада бат перектей чимирилген жигитке каректер кадалып, ал арбап алгандай таасир калтырган. Бий аяктагандан соң бир саамга дымый түшкөн зал ичи анан шатырата кол чаап, аткаруучуну кайра-кайра чакырышкан. Мында Кулназардын искусствосу менен номердин оригиналдуулугу да роль ойнобой койбогон. Албетте, аны атайын сахнага даярдаган балетмейстер деле болгон эмес. Балким ошол 30-жылдары Орто Азия чөлкөмүнө атагы аябай дүң болгон сахна жылдыздары Тамараханум менен Халима Насырованы, Сара Ишантураеваны Ош, же Өзгөн гастролдорунун учурунда көрүп калды бекен деген ой келет. Анан да кыргыз-өзбек калктары кылымдардан бери аймакта аралаш жашап келгендиктен алардын той-тамашасы, оюн-зоогу дамайым бирге өткөрүлгөн. Ушулардын баары Кулназардын сергек сезимине таасир бербей койбогон чыгар…

Читать дальше
Тёмная тема
Сбросить

Интервал:

Закладка:

Сделать


Ильгиз Талип читать все книги автора по порядку

Ильгиз Талип - все книги автора в одном месте читать по порядку полные версии на сайте онлайн библиотеки LibKing.




Мекендин асыл инсаны. Залкардын жылдыздуу элеси отзывы


Отзывы читателей о книге Мекендин асыл инсаны. Залкардын жылдыздуу элеси, автор: Ильгиз Талип. Читайте комментарии и мнения людей о произведении.


Понравилась книга? Поделитесь впечатлениями - оставьте Ваш отзыв или расскажите друзьям

Напишите свой комментарий
x