Ильгиз Талип - Мекендин асыл инсаны. Залкардын жылдыздуу элеси

Тут можно читать онлайн Ильгиз Талип - Мекендин асыл инсаны. Залкардын жылдыздуу элеси - бесплатно ознакомительный отрывок. Жанр: Зарубежное современное. Здесь Вы можете читать ознакомительный отрывок из книги онлайн без регистрации и SMS на сайте лучшей интернет библиотеки ЛибКинг или прочесть краткое содержание (суть), предисловие и аннотацию. Так же сможете купить и скачать торрент в электронном формате fb2, найти и слушать аудиокнигу на русском языке или узнать сколько частей в серии и всего страниц в публикации. Читателям доступно смотреть обложку, картинки, описание и отзывы (комментарии) о произведении.

Ильгиз Талип - Мекендин асыл инсаны. Залкардын жылдыздуу элеси краткое содержание

Мекендин асыл инсаны. Залкардын жылдыздуу элеси - описание и краткое содержание, автор Ильгиз Талип, читайте бесплатно онлайн на сайте электронной библиотеки LibKing.Ru
Кулназар Ташиевич өзү менен иштеген кадрлар алдында талапты катуу койчу, аткени менен аларга адамгерчиликтүү мамиле кылчу. Сүйлөгөн сөздөрү так, маанилүү, коммунистерге жана эмгекчи элге түшүнүктүү, жүргөн-турганы башкаларга үлгү эле. Ташиевдин ысмы, жасап кеткен иштери социалистик коомубузду активдүү куруучулардын катарына кирет, советтик мекенибизди фашистик баскынчылардан коргогон патриотторго, баатыр жүрөк коммунистерге кошулат.Абсамат Масалиев, Кыргыз эл баатыры.

Мекендин асыл инсаны. Залкардын жылдыздуу элеси - читать онлайн бесплатно ознакомительный отрывок

Мекендин асыл инсаны. Залкардын жылдыздуу элеси - читать книгу онлайн бесплатно (ознакомительный отрывок), автор Ильгиз Талип
Тёмная тема
Сбросить

Интервал:

Закладка:

Сделать

Кулназар ага өзүнүн «коронный номерин» өмүрүнүн акырына чейин улан кезиндегиндей эле шаасына келтире аткарып, далай үлпөт, кечелердин көркүн чыгарып жүрдү. Анын эл алдына чыгып, эбелектей каалгып жүргөнүн көрүп, анын 70—80 жаш курагында экендигин унутуп койчубуз. Мындай шайдооттукту, өзүн дамайым «формада» кармоону ал башынан өнөкөткө айлантып алган окшобойбу. Анын өмүрлүк жубайы Бахарниса эже мындай деп эскерет:

– «Кара куш кардына карайт, шумкар чабытына карайт» дегендей байым бар нерсени чегинен чыкпай чен-өлчөмү менен жасай турган. Тамакты да чактап жеп, кийимди да аспиеттеп кие турган. Бир сапар мартабалуу бир инсандын маареке-тоюнда төрдө олтурган бизге өзгөчө сый көрсөтүлүп, аксакал катары анын алдындагы табакка дүрдүйүм тамак-аштан үйө беришти. Ал адатынча насиптен ооз тийип, додолонгон ар-кыл ысылыктын чети оюлбаган бойдон турду. Муну көргөн доктор М. Мамакеев тээ четте олтурган баласын жетелеп келип, – аксакалдын кешигин калтырбай жегин! —деп калды. Мен айттым: – Бу бирөөлөрдүн арткан-үрткөнүн оозуңарга албагыла дейсиңер медиктер. Анан иничекти өзүңүз баштап келип, жегин деп атканыңыз кандай?

– Мындай кишинин кешигин талашып жегендин өзү сооп болот. Ылайым, бул балага да Кулназар аганыкыдай жашты жана башты, ырыс менен бакты, атак менен даңкты буюрса экен деп ырым кылып жатпаймынбы! – дейт белгилүү хирург.

Турмуштук ушул кичинекей эпизоддон эле Кулназар аганы замандаштары кандайча кадырлап-сыйлаганды көрүнүп турбайбы. Анан дагы эже мындайча эскерет: – Балдарыбыз атасын апталап, жумалап көрбөй да калыша турган. Анткени, ал таң үрүн-бараңда үйдөн ишке кетет да тээ түн бир оокумда чаалагып-чарчап келет. Ошол кезде «сталинский занятиялар» бар эле. Жумуштан кийин сабакка катышып, кеч келчу эле. Бул убактарда балдар уктап жаткан болот. Ал эми мен аял катары үйрүлүп түшүп, үстү-башын тазаламакка далбас урам. Ошондо да бутундагы хром өтүгү жалтырап тап-таза болот. Анткени, ал кончуна дамайым баркыт бут сүрткүч салып жүрө турган. Анын бул тыкандыгы студенттик кезинен да, офицерлик кызматынан да адат болуп калса керек…

Ырас, көп эле жарандардын аскердик милдетти өтөп жүргөндөгүсү менен карапайым турмуштагысын, же кечээ чоң болуп жүргөндөгүсү менен андан «шыпырылгандан» кийинкисин көрүп, көңүл иренжий түшкөн учурларыбыз болгон. Ал эми өмүр бою сынын да, сырын да кетирбей Кулназар ага сыяктуу таптагы куш өңдүү жүрүү үчүн бекем эрк эмнени талап кыла алмакчы?

Кыйла жылдары илгери ири илимий чордонубузга орошон окумуштууну жетекчи кылып дайындашты. Анын ачкан жаңылыгына, эмгегине эч кимдин деле коер дооматы жок болгону менен үстү-башына кароону эзели капарына албаган жан экен. Кыязы жубайы да өзүнө жараша шалдакы неме болсо керек, жака-жукасын агартып, шым-көйнөгүн үтүктөп койгонго да жарабайт экен. Адатта илим чордону интеллигенциянын өкүлдөрүнөн турат эмеспи. Өз жетекчисинин кебете-кешпирин жөнөкөйлүктүн белгиси катары санаган кызматкерлер да галстук тагынганды таштап, маданият дегенге маани беришпей калат. Ошону байкаган кыраакы секретарь айым үтүк алып келип, жетекчинин көйнөгүн, шымын тыкыйтат, анан галстук байлайт. Бул күн сайын кайталангандыктан мындай өзгөрүү коллективге бат эле байкалат. Акыры жетекчинин өзү да кызматка кынтыксыз жасанып келүүгө көнүп келет…

Бул мисалды биз бекеринен келтирген жокпуз. Кулназар аганын куштай сын-сыпатын жазбай жүрүшү, тактыгы жана убадага бектиги ар дайым башкаларга өз таасирин тийгизбей койбогон. Ардуулук, намыскөйлүк жана мээнеткечтик андагы табигый касиеттер болгондуктан өмүр бою өз парасатына доо кетирбей беделин бийик сактоого жан үрөгөндүгү бар жашоосунан көрүнөт. Мунун күбөсү катары аталган айыл чарба мектебин кызыл диплом менен аяктагандыгын эле айтууга болот. Ошентип, кечээ эле туулуп-өскөн айылы Алганын буртулдаган чаңын кечип, келечек жөнүндө керемет кыялдарга баткан балакай боз уландыкка жетип, эми айыл чарба адистигин алып олтурат.

Айныксыз, анын бул ийгилиги тууган-туушкандарды гана эмес, бир кездеги кесиптештерин, өзгөчө райондук жетекчилерин өтө кубандырат. Анткени, ошо кезде мындай кадрлар көзгө сүртөргө жок болуп турган эле да. Бирок, аны башка майдан күтүп турган. Анткени, жашы боюнча аскер курагына жетип, баралына келген жигитти аялдатпай эле армияга алышат. Бул 1939-жылдын ноябрь айы. Ошондо СССР менен Финляндиянын ортосунда согуш жүрүп, ал алдыда болчу чоң алааматтан аян бергенсиген. Граждандык согушта, басмачы бандалары менен айыгышкан салгылашууларда жеңишге жетип, бейпил турмушка өткөн жана өлкөнүн баралынча өсүп-өнүгүүсүнөн баар таба баштаган элде патриоттук сезим күчтүү эле. Бул жаатта тарбиялык иштер да кызуу жүрүп, ар-бир атуул Ата-Мекенге берилгендик духунда от кечкен өткүр болоттой чыныктырылып жаткан эле.

Апасы Гүлкан, агалары Маматалы, Мураталы жана айылдаш ага-туугандары менен коштошууга барган Кулназар аялдабай эле кайра тартууга аргасыз эле. Ал үч күн ичинде кайрадан чакыруу пунктунда болууга тийиш эле. Мына анын артында балалыктын алтын бешиги болгон ата конушу, береке-байлыгы төгүлгөн кең өрөөн, дүгдүрүм бак-шактуу Куршаб жана күзүндө суусу тартылып, эми ийге келгенсиген дарыя жана нечен кылым кербендер аркы-терки каттаган кан жол. Мунун баарын көздөн кечирген жигит, албетте, аеолуу дүйнөсүн калтырып баратканга ичи ачышып, жүрөгү зырпылдаганы менен өзүнө тагылган жооптуу парзды өтөгөнү бараткандыгы үчүн кубанычта да эле.

Анда Кулназар аскер кызматын кайдан өтөй тургандыгы белгисиз эле. Жаштыктын жалын-деми өрөпкүткөн, жан дилин өз курагына мүнөздүү романтика бийлеген жигит кайсы майдан болбосун кыйшаюсуз ат салууга белен эле. Анын үстүнө катарына өтүү оңойго турбаган партияга да кандидаттыкка кабыл алынгандыктан башкаларга караганда ал өзүн эки эсе жооптуу да сезген. Бул ишенимди актоо үчүн ал эми алдыдагы зор сыноолордон өтүшү керек эле. Бул баягы көнүп калган студенттик турмуштан таптакыр айырмаланган аскердик кызматка байланыштуу шарттарда болмок. Ал кай жерде өтөт, кандай кыйынчылыктарды тартуулайт – табышмак эле…

Мына, ал белгиленген саатында кандай команда болсо, аткарууга шайма-шай болуп, аскер комиссариатынын алдындагы пунктка келди. Мында өзүнүн курагындагы жалоондой жаштар чогулуп жатышкан экен. Алар эртеңкисинен бейкапар шатыра-шатман түшүп, көңулдөрү куунак. Алардын бул маанайын огобетер козутуп, шаңдуу музыка аба жарып жаңырат. Баарынан да ошол кезде патриоттук сезимди оболоткон «Эртең согуш болсо» сыяктуу ырлардын таалим-тарбиялык ролу чоң эле. Кыргыз жаштары да «Кызыл атчандар», «Бер команда, маршалдар» сыяктуу ырларды параддарда, жүрүштөрдө жер дүңгүрөтө аткарыша турган. Өлкөнүн экономикалык күч-кубатын чыңдоо, техникалык жактан өнүктүрүү менен карасанатай душман капыс кол салса, ата-мекенди кан-жанын аябай коргоочу атуулдарды психологиялык жактан даярдоого да зор маани берилген экен. Мындай идеологиянин акыбети кандайча кайткандыгын кийин тарых өзү тастыктабадыбы!

Читать дальше
Тёмная тема
Сбросить

Интервал:

Закладка:

Сделать


Ильгиз Талип читать все книги автора по порядку

Ильгиз Талип - все книги автора в одном месте читать по порядку полные версии на сайте онлайн библиотеки LibKing.




Мекендин асыл инсаны. Залкардын жылдыздуу элеси отзывы


Отзывы читателей о книге Мекендин асыл инсаны. Залкардын жылдыздуу элеси, автор: Ильгиз Талип. Читайте комментарии и мнения людей о произведении.


Понравилась книга? Поделитесь впечатлениями - оставьте Ваш отзыв или расскажите друзьям

Напишите свой комментарий
x