Ильгиз Талип - Мекендин асыл инсаны. Залкардын жылдыздуу элеси
- Название:Мекендин асыл инсаны. Залкардын жылдыздуу элеси
- Автор:
- Жанр:
- Издательство:неизвестно
- Год:неизвестен
- ISBN:9785005374073
- Рейтинг:
- Избранное:Добавить в избранное
-
Отзывы:
-
Ваша оценка:
Ильгиз Талип - Мекендин асыл инсаны. Залкардын жылдыздуу элеси краткое содержание
Мекендин асыл инсаны. Залкардын жылдыздуу элеси - читать онлайн бесплатно ознакомительный отрывок
Интервал:
Закладка:
Жоокерлердин күжүрмөн даярдыгын арттыруу жаатындагы алгылыктуу аракеттери текке кетпей ал саясий жетекчи болгон рота полк боюнча бардык көрсөткүчтөрү жагынан озуп чыгат. Кулназардын уюштуруучулук жөндөмүнө, өз милдетин өтө жоопкерчилик менен аткаргандыгына жогору баа берүү менен командачылык аны полктун саясий жетекчисинин жардамчылыгына дайындайт. Жаш коммунист мындай ишенимге жекече аракеттеринин аркасында жетишкендиги кадиксиз. Ошону менен ал өз беделин көтөрбөстөн жердештерине карата башкалардын мамиле, көз карашын өзгөртүүгө да жетишкен. Аны менен ала-тоолук каруулаштары сыймыктанышкан. Алардын ичинен татыктууларын дайыма партиянын катарына өткөрүүгө кам көрүп, өзү шефкке алган.
Ал 1939-жылдан 1941-жылдын июнь айына чейин Ыраакы Чыгыш фронтунун өзгөчө курулуш корпусунун 2-полкунда аткыч, андан соң аткыч-минометчик катары кызмат өтөгөн соң 15-Армиянын кенже лейтенанттарды даярдоо курсуна жиберилип, аны ийгиликтүү аяктайт. Башынан тырышчактык, намыскөйлүк мүнөздүү Куршабдын кулуну кай жерде болбосун өзүн эң мыкты жагынан көрсөтүүгө жетишип, камчы салдырбаган.
Ошол учурда акын Жоомарт: «Ааламдын жүзүн өрт чалып, кара жалын каптады» деп жазгандай фашисттик баскынчылар тынчтык жөнүндөгү келишимди кыянатчылык менен бузушуп, түн жамынган каракчыдай Мекенибизге капыстан кол салып кирип келди. Гитлердин түзгөн “ Барбарос» планы боюнча «блицкриг» чабуулу менен өлкөнү 1-2 айдын ичинде бүтүндөй басып алып, советтик куралдуу күчтөрдүү тып-тыйпыл кылмак жана жарандарыбызды кулга айлантмак. Бул ашынган жырткычтык кылмышты ишке ашырууда Венгрия, Италия, Румыния жана Финляндия фашисттик Германиянын союздаштары болушкан. Согуш башталар алдында душман СССРдин чек арасына такай 5,5 млн. аскерин, 3700 танкасын, 5000 самолетун жайгаштырган болчу. Ал эми Советтик Армиянын аларга каршылык көрсөтчү 2,9 млн. аскери, 1800 оор жана орто танкасы, жаңы конструкциядагы 1540 самолету гана даярдалган эле.
Ушул фактылардан көрүнгөндөй фашисттик куралдуу күчтөр бардык жагынан дээрлик биздикинен эки эсеге артыкчылык кылган. Текеберлиги жана ажаандыгы ашынган Гитлер шаар, кыштактарыбызды ойрон кылып, анда жашаган жазыксыз жарандарыбызды үй-жайы менен күлгө айлантмакчы болгон. Бирок, ал кандуу кармашта тагдырды чечүүчү башкы факторго —советтик элдин биримдигине, болоттон бек достугуна маани берген эмес экен. Капыстан кол салуу менен чак-чалекей түшүрүп, Уралга чейин кара кыяндай каптап өтмөкчү болгон анын арам ою ишке ашпастыгын Брест чебин коргоочулардын айыгышкан каршылыгы эле айгинелеген. Бул чептин эр жүрөк жоокерлери күчтүн тең эместигине, курал-жарактын жетишсиздигине карабай кара таандай каптаган душманга багынып берген эмес. Фашисттер бир айдан ашык убакыт бою алалбаган чептин коргоочулары чыныгы баатырлыктын үлгүсүн көрсөтүшкөн жана эң акыры минутага чейин салгылашып, курман болушкан.
Дал ушундай алаамат башталып, кызыл кан кыяндай агып, адам жайрап, калаалар кыйрап жатканда кимдин каны кайнабай коймок?! Кулназар сыяктуу адистик алып калган, атайын даярдыгы бар катардагы жоокерлер эмес, орто мектепти жаңыдан эле бүткөн улан-кыздарыбыз Ата мекенди коргоп, азезилдей жутунуп келаткан көркоо душманга каршы аттанганы аскер комисариаттарына агылып келип жатышпадыбы! Арийне, алардын көбүнүн жашы 18ге толуп да толо элек болчу. Ал эми баралына келип, бакандай күч берчү азаматтар биринчи кезекте аскерге чакырылышты. Мында учкун алды болуп, Кулназардын агалары Маматалы менен Мураталы канкорлор менен кандуу кармашка аттанат. Жетиден калган үч чүрпөсүнүн аягына туруп, адам катарына кошулганына каниет кылып, Жаратканга ичинен ыраазычылыгын миң кайталап жүргөн Гүлкан апанын башына кандай кайгыны үйгөндүгүн айтуу кажетсиз. Алардын бири алыскы Чыгышта, каралдысынын экөөсү эми Батыштагы кандуу казатка аттанып жатат. Эрезеге жетип, эл көзүнө көрүнүп, эми убайын берер уулдарынан айрылган эне тамында мүңкүрөп жалгыз калбадыбы. Аларга Эгем кандай тагдырды жазгандыгы ба белгисиз. Казактын белгилүү акыны Кадыр Мырзалиев дал ушундай армандуу, аянычтуу аялзатынын абалын мындайча чагылдырган:
Кум астында, суу астында бир каалаң,
Тарых биздин көп табышмак, шыргалаң.
Шүгүр дедиң жоодон кийин койңуңда,
Аман калса, он балаңдан бир балаң!…
Ошо он баладан бири жок, атүгүл эртели-кеч эркелетип, эңсесин кандырыр неберелерин көрө электе согуш деген атың өчкүр түлөктөрүн өз айлампасына тартып албадыбы. Кайриет, эненен уулдары коен жүрөктүк кылып, коңулга башын катпай азаматтык парзын өтөп, Ата мекендин азезилден коргогону кетишти. Мындай үй-бүлөлөр бүткүл өлкө боюнча бирди-жарым эмес эле. Ал эми Батышта болсо, миллиондогон калкы бар калаалардын да күлү сапырылып, андагы тургундар укум-тукуму менен жексенделип жатпады беле.
Ушул тушта Кулназар да айыгышкан салгылаштар жүрүп жаткан Батыш фронтуна жиберүү өтүнчү жазылган рапортун аскер башчыларына берген эле. Бирок ага япондук милитаристтер колтубугуздан коркунуч туудуруп, бүгүн-эртең эле кол салганы турганын эске алуу менен чек араны огобетер чыңдап, күжүрмөн даярдыкты күчөтүү башкы милдет болуп тургандыгына байланыштуу сиз өз постуңузда керексиз деген жоопту алган. Аскер тартиби ошондой- буйрукка каяша келтирүүгө болбойт…
Кулназар аганын өмүрүндө эки арманы болгон. Анын бири-ошо эл башына оор мүшкүл түшкөн кезенде да үй-бүлөнүн аскерге жарактуу мүчөлөрү мобилизацияланып жатканда кары-картаңдардын кашында караан болушу үчүн бирин калтыруу каралган. Мунун астарында кыязы тукум бүтүндөй курут болуп кетпесин деген саясат да жаткан окшойт. Ошонтсе да мындай законго таянып, Кулназар аскер комиссариатына кайрылган эмес. Анда балким алаамат алоосунда дарек-дайыны билинбей кеткен агасы Мураталы энесине каралашып, аман калат беле…
Экинчи арманы, согуштан эки бутун жоготуп келген агасы Маматалыдан да айрылып, бир туугундан бирөө жок жалгыз калгандагысы. Элде: «Бир кем дүйнө» деп айтылыт. Пенде дегениң акыл-эси болсо, байлыкка да, бийликке да тунган кезинде, же башына иш түшүп, кыйын-кысталыш күндө жакын адамынын жанында болушун тилейт эмеспи. Кулназардын зоболосу өсүп, даңкы элине угулуп, дүйнөсү түгөл сыяктанган кезинде ага эки бир туугуны гана жетишпей турган. Арийне, бул көрүнгөнгө айтыла бербеген сыр эле…
Баса, Маматалы агасынын башынан кечиргендерин баяндап олтурсак, андан А. Мересьев сыяктуу эле бир каармандын чыгары күмөн санатпайт. Ал аскерге чакырылары менен эле айыгышкан салгалашуулар жүрүп жаткан фронттун алдыңкы чегине жөнөтүлгөн. Ар-намысы үчүн Ала-Тоолук жигит касташкан жоодон тайманбай чабуул, кармаштарда чыныгы эрдиктин үлгүсүн көрсөтүүгө аракеттенген. Анүстүнө бир тууган иниси Советтик Армиянын офицери болгондуктан анын атына акарат сөз тийгизбөөгө, Ташиевдердин туусун бийик кармоого милдеттүүмүн деп эсептеген. Ошондой кайрымсыз кагылыштардын биринде ага капыстан ок жаңылып, жарадар болот. Госпиталда бир жарым ай дарыланган соң аны ден соолугун калыбына келтиргени айылына жиберишет. Бирок, ал сакайгандан кийин кайрадан медкомиссиянын текшерүүсүнөн өтүүгө тийиш болгон.
Читать дальшеИнтервал:
Закладка: