Алтын Иниятовна - Мезгил ажырымы
- Название:Мезгил ажырымы
- Автор:
- Жанр:
- Издательство:неизвестно
- Год:2021
- ISBN:нет данных
- Рейтинг:
- Избранное:Добавить в избранное
-
Отзывы:
-
Ваша оценка:
Алтын Иниятовна - Мезгил ажырымы краткое содержание
Мезгил ажырымы - читать онлайн бесплатно ознакомительный отрывок
Интервал:
Закладка:
– Офисте отуруп эмне жумуш кылам?-деди Руслан
– Кулактандыруу боюнча келген сулуу кыз-келиндерди бир дарекке жөнөтүп турасыз…
– Ошол элеби? – деди Руслан. Айымдын «сулуу кыз-келиндерди» деп баса айткан сөзүнө Руслан көңүл бурган жок.
– Ооба, 2 телефон, 4 номер берем. Телефон чалууларга жооп бересиз. Айлык акыңыз 20 миң сом болот. Сумманы уккан Денис ууртайын деп бараткан чайын кармаган тейде, Асяга кылчайып тан кала тиктеп калды. Себеби, айлык акы 12 миң сом деп белгиленген болчу. Ася бутунун учу менен Денисти акырын бутка тээп койду. Бул «сен унчукпа, азыр кийлигишпе» деген белги эле.
Руслан унчукпай отуруп, ойлоно түштү.
– Жообун азыр эле айтсаңыз сонун болот эле. Эртең саат 9дан баштап офисте иштеп баштайт элеңиз…– деди айым
Руслан «байкап көрбөйүнбү ээ… Жакпаса кетип калам да. Жөн эле телефонго жооп берип отурат турбайынбы. Жакшы жумуш окшойт. Айлык акысы жаман эмес»-деп ойлоп кетти.
– Мейли, иштеп көрөлү
Ася сүйүнүп кетти.
– «Абдан кубанычтамын. Келгиле анда таанышканыбыз үчүн, бир команда болгонубуз үчүн бир шампан алып белгилеп койбойлубу ээ» деп күлүп жиберди айым.
***
Нурик жолдун так ортосуна эки колун көтөрүп «токто» деген ишараат менен тура калды. Нуриктен алысыраак токтогон машинеден айдоочу кытай жигит башын чыгарып «Чо-о-о?» -деп кыйкырды. Нурик колу менен шаар тарапты көрсөтүп «Бишкек! Бишкек!» -деди. Машинеде бир эле орундук бар экен. Нурик, Канат бир орунга батышып отуруп алышты. Таң калып, чоочуркай тиктеген кытайлар жигиттерди башынан ылдый карашат. Жетээр жерине жеткенде Нурик машинени токтотсо «Бишкек?!!»-деп Бишкеке бармак эмес белең дегендей айдоочу алды жакты көрсөтөт. Нурик «аа… болду. жеттик»-деп трассадан түшүп калышты. Күндүн таңкы кызыл нурлары айлананы кооздукка бөлөйт. Экөө баштарын жерге салып ылдамдап басып келе жатышат. Нурик сөзүн улантып кобурап баштады: «Ушул кытайлар бир күнү чогулуп эшек союшат экен. Же майрамбы, же атайын эшек союп жемей күнбү, айтор баары чогулуп келип эшек союшчу. Майын сасытып сызгырышчу. Укмуш сасык болот экен эшектин майы. Бир эже бар болчу жаш балдары менен тирлик кылчу, ошол жерде фермада иштечү. Ошол эже эшектин этинен үйүнө алып кетчү. Бир жолу -«Ай, силер деле албайсыңарбы. Топоздун этине окшош болот экен. Чөп чар кошуп, кууруп-сууруп, тамак аш кылып жеп атабыз» – деп коет. Арам эшектин эти экенин көрүп билип туруп кантип кекиртектен өтөт. Негизи ошол жерде жашагандар, ферманын арты менен тирлик кылышчу, жумуртка, тооктун этин алышчу. Эмгек акысы эчтекеге жетчү эмес. Башка жумуш жок. Шаарга барып келип иштейин десең транспорттон кыйналасың. Шаарда деле айлык аз да. Тапканыңдын баары жолго эле кетет».
Баятан кулак төшөп келе жаткан Канат: «Аларды текшерип барышчу беле текшерүүчүлөр?»-деп сурады. «Текшерип барышчу. Бирок текшерүү келгенде кытайлар жок болуп кетчү да биздин кыргыз кыздар, балдар эле документтерди көрсөтүп жүрүшчү. Жакын аймакта жашаган айылдагы эл «тооктун кыгын талаага төгүп жатышат»-деп нааразы болуп «ферманы жаптырабыз» деп ызы-чуу болуп жүрүшкөн. Мен болсо кетип калдым. Азыр эмне болду билбейм..-деди.
Канат: «Азыр үйүнө жеткенде, бир аз жатып эс алып алайынчы ээ. Аябай башым ооруп жатат. Бул жакта дарыкана барбы. Үйдөгүлөргө да чалып айтып койбой. Издеп ызы-чуу болушат эми. Телефон заряды түндө эле түгөнүп калыптыр»-деди.
– «Үйгө жеткенде чалып айтып кой. Бизде дарыкана жок. Үйдө дары бар болсо табабыз. Сен кандай чечтиң? Менттерге барасыңбы?»
Оор үшкүрүнгөн Канат – «Билбейм…»– деди. Отуз жаштан ашканча мынчалык санаа тартып көрбөгөн жигит, бир күндө эле карып кеткендей болду. Нурик жашы улуулук кылып, бул ойт берме досу бат эле айнып каларын билгендей, машинени убагында каттырып «жардамы» тийгенине өзүнчө компоет…
Канат үйүнө түшкө маал келди. Апасы ашканада күйпөлөктөп бир нерсе кылып жүрүптүр. Чон энеси төрдөгү диванда телевизор карап отурат. Канат жуунуп жаңы эле чыкканда чон апасынын жанында зарядоодо турган телефон шыңгырады.
Телефондогу үн:
–Асоолом аллейкум.Жакшыбек байкеби?
–Аллейкума ассалам. Жок, бул мен уулу Канат.
–Канат, жакшы турасыңарбы?. Бул мен Акмат атаңдын кошунасы, Мээрбек атаңмын. Канат…Акмат чон атаңдын көзү өтүп кетти. Кайрат кылгыла. Сыйдагүл жеңеге угузуп койгула. Эртең коюлат. Болуптур жакшы тургула…
Канат телефонду койду да, төрдө жаткан чоң апасы Сыйдагүлгө барып, кулагы катуу киши укпай калбасын дегениби, үнүн көтөрүңкү чыгарып «Апа… Акмат чон атам каза болуптур» деди. Канат «угузуп койгула» деген сөздүн маанисин «айтып кой» дегендей эле кабыл алган. Чоң эненин көзү чонойуп «Катыгү-ү-үн!!! Эмне дейт! Ыяя….!!! Атыр! Атыркүл! Мобу бай болгур эмне деп атат ….ыыя!!!»-деп кыйкырып жиберди. Бабалактап көзүнөн жашы куюлуп, курган чоң эненин заманасы куурулуп кетти. Ашканадан чуркап келген Канаттын апасы Атыркүл, Канатты жекире карап «Ок!…жерге кир» деп алды. Кабар айтуу жөнүндө түшүнүгү да жок Канат, алгач эмне туура эмес болгонун түшүнбөй, апасы менен чоң энесин алмак салмак карайт. «Ай..басчы..бери…!!!» деп апасы Канатты аркы бөлмөгө ээрчитип барып «Ай..сен..эмне билбейсиңби?!! Мага айтпайсыңбы! Кабар угузуунун да өзүнчө бир тартиби бар. Килтейген киши болдуң!!! Ушуну билбейсиңби!!!». Атыркүл уулуна мындай нерселер тууралуу эч качан айтпаганын, күйөөсү экөө Канатты жандарына ныгыра отургузуп, укса да укпаса да «Жигитсиң, сен билишиң керек» деп үйрөтүшпөгөнүн өзү аңдай алган жок. Жамандык, жакшылыкта алдыга эт тартылган учурда, уулу Канат астына келген бир чара этти «устукандап бөлүштүр» десе «аа..мен билбейм…устуканды жакшы деле тааныбайм» деп, эт салынган чараны ары түртүп жүргөнүн Атыркүл апасы билчү эмес. Бул Атыркүлдүн уулундагы эле кемчилик эмес, бул дээрлик ар бир кыргыз үй бүлөсүндөгү акыркы жылдардагы мезгил ажырымындагы кемчилик эле…
Кайниси каза болуптур деп уккан жеңе ордуна отура алган жок. 80ден ашып калган бул чоң эненин күйөөсү тараптан эң жакын тууганы ушул кайниси эле калган эле. Башкалары эртелеп эле 50-60жаштан ашып ашпай, тиги жайдын кишиси болушкан. Бара тургандар чогулуп жолго чыкмай болушту. Ал ортодо ортончу келини шыпылдап «Алыс жолдо кайра барыш деле кыйын да. Биротоло дасторкон даярдап чыкпайлыбы. Куран окута келебиз да»-деп жүгүрүп жүрөт. Чоң эне: «Салтта жок жосунду баштабачы! Сөөгү муздай электе, куран окуй калат элем деп жөөлөшүп жүрөйүнбү! Койчу! кайдагыны айтпай!»деп кагып койду. Курган чоң эне, акыркы мезгилде мындай көрүнүш эрен-терөөнү жок эле салтка айланып, сөөгүн жерге берип, жоготкон адамы эми кантип муздак жерди жазданаарына ишене албай, боздоп турган жакындарынын жанына таттуу-табыр баштыктарын колтуктап барып алып: «Куран окуй кетели, жолго чыга берели»-деп азалуу жандарды жеңинен тартып кыпчылып жүргөндөр көбөйгөнүн билбейт эле…
Читать дальшеИнтервал:
Закладка: