Кадыр Абакиров - Бабалардын баяны 2
- Название:Бабалардын баяны 2
- Автор:
- Жанр:
- Издательство:неизвестно
- Год:2020
- ISBN:нет данных
- Рейтинг:
- Избранное:Добавить в избранное
-
Отзывы:
-
Ваша оценка:
Кадыр Абакиров - Бабалардын баяны 2 краткое содержание
Бабалардын баяны 2 - читать онлайн бесплатно ознакомительный отрывок
Интервал:
Закладка:
Ошондой эле китептин аяккы бетинде Беккулу атанын үч уулунун тукумдары жазылган тизме толугу менен киргизилди. Анда кемчиликтер бар кыргызда көч бара-бара түзөлөт деген асыл сөз бар эмеспи. Балким кээ бир адамдар тизмеге кирбей калган же туура эмес жазылган. Ошондой болсо да негизги тизме жазылды аны оңдоп алууга болот. Кимдир бирөө ошону оңдоп, толуктап, тууралап берсе гана. Анын атына ырахмат айтып, китепке киргизип коёт элек. Тизме эмес китеби жок, а деген санжырасы жок кыштактар толуп эле жатпайбы. Аларга жети атасын, жети атасын санжырасын билүү адамдык парзы эмес, аларга мындай ишти аткаруу кандай азап тозок. Муну бел байлаган киши гана аткара алат эмеспи. Ал эми китепти окуп алып, «мындай тигидей» деп айта берсе болот. Ал өтө жеңил. Жазганга караганда ооз эки сүйлөп сындаган алда канча жүз эсе оңой эмеспи. Керек болсо алар бул китептин кимге кереги бар эле деген ойду айтышы ыктымал.
Эми санжыраны окуу маселеси. Бизде деле кыркка чукулдап калган адамдар да жети атасын билбей жүргөндөр көп эле. Бар. Жети атасын сурай келгенде «биздин атабыз чымчык эмес беле дейт. Баса Торгой ата бар эмеспи» дейт. Ал адам «Сенсиң менин торгоюум» деген ыр бар эмеспи. Ошону эстеп, ошондон ал ата-бабасынын атын эстеп жатат. Жети атасын чымчык аркылуу элестетип алган. Кээ бири айтат «Кара көйнөк биздин эченчи атабыз» дейт. Бизде кара көйнөк деген атабыз болгон эмес. Өзүнүн ата-теги жөнүндө эч бир түшүнүгү жок. Алардын жети атасын билүү, билбөө өз эрки өз маданияты, же билбесе билбей эле койсун. Бирок өтө улгайып калган адамдардын эсине жети атасын билүү парзы сөзсүз эсине келет. Ошол улгайып калган учурунда санжырага кызыга баштайт. «Мен ким элем, ким болдум?» деген ой туулат…
Эми экинчи китеп жөнүндө баян кылайын. Китеп Ырыскан атадан Беккулу атанын уулдарынын Көңдөй жерине көчүп келгендигин ыр менен баяндап бердим. Жаш келечек муундар ошол санжыраны да билиш керек. Ошол үчүн ал санжыра да.
Бул үч китептин жаралышына кызым Жылдыз Абакированынэмгеги аябай зор. Китепти баштан аяк редакциялап, уйкаштыгын келиштире көркөмдөп, толуктап оңдоп чыкты. Эгер анын эмгеги болбосо олдоксон уйкаштыгы жок бир китеп болуп калмак. Китептеги көп керексиз нерселерди такыр алып таштады. Ошондон кийин ушундай китеп жаралды. Ата: « Сизде музыкалык слух такыр жок ошол үчүн ырларыңыздын уйкаштыгы өтө начар» деп, мени уяткарып, аябай оңдоп кемелине келтирди. Мен ошондо уялып ыр жазбай эле койсом дегем. Бул китептерге дагы Айгүл Жүзөнованынэмгеги зор ал үч китепти карап кайра-кайра оңдоп чыкты. Ал: « Олдоксон жазылган ырды эч ким окубасын»– деди. Алардын эмгегин айта кетпесем болбойт. Ал эми баардык чыгармаларымды компьютерге басууда кичүү уулум Автандил Абакировдунэмгеги аябай зор болду. Эгерде ал болбосо, менин ишимиде кенедей жылыш болмок эмес. Анда ак кагазды карап жалдырап отура бермекмин. Ал бала кезинде жумуш иштеп, өзү кампьютер сатып алып, анан ишке киришкен. Менин чыгармаларымды жаза баштаган.
Муну жазыш үчүн көптөгөн санжыра китепти окуп чыктык. Баса үч китепти тең эчак эле тее илгери жазбадым беле андан бери канча замандар өттү. Андагы төрөлгөн балдар отузга чукулдап баратат.
Эми сөздү узарта бербейин калганын кийин сүйлөшө жатаарбыз. Баса бул китептеги жана өткөн китептеги кемчиликтерди айтып, же жазып берсеңер дурус болгон турат. Себеби ал кийинки чыккан чыгармада кайталанбаса болду.
Мен дагы эмнени айтайын дедим эле, мен улгайдым чачым ак чалды. Айлым үчүн Беккулу атанын тукуму үчүн колдон келе турган санжыраны жазып бердим. Алар ата-тегин билип, туулган жерин сүйүп, жашасын дедим. Колуман келген китептерди жазып бердим. Аларды көп китеп кылып чыгарыш өздөрүнүн эрки. Мен эч нерсе айта албайм. Санжырадан башка дагы менин көп иштерим бар: ырларым, жомокторум, поэмаларым, сатираларым, учкул сөздөрүм, мугалимдик чыгармаларым, достук тамашалар жана башка толуп-толуп жаткан эмгектерим. Кээ бир жерде мындай чыгармачыл кишилиерди эли колдойт экен бирок менин ага көзүм жетпейт. Анан тигил санжыраны чыгартып алыш алардын өз эрки. Ал болбосо, мен жазып берген машинка менен басылган кол китепти окуп жүрө беришсин. Менин тилегим ата-тегин билсе болду, андан башка нерсени деле каалабайм. Ал эми рухий маданиятын, байлыгын жогорулатуу ар бир адамдын өз иши.
Беккулу атанын урпактарына арналат
АК БАТА САПТАРЫ
Артыбызда калдайып
Тескей бийик тоо турат.
Алдыбызда бет жайып,
Атактуу күнгөй бу турат.
Үстүбүздө көрүнүп,
Төбөсү бийик көк турат.
Аяк жагы көшүлүп,
Төшү түктүү жер турат.
Эки тоонун ортосу,
Элетте пейпил жашаган,
Берешен жана бай келген,
Бек атадан тараган,
Көп учурду турактап,
«Көнөчөк» айлы бу турат.
Ата баба арбагы,
Айдыңдуу элин коргосун!
Элинин пейли ток болуп,
Эгем өзү жылоолосун!
Маанайын бай жараткан,
Мал жаны бар болсун!
Кыртыштуу жерден чогулткан,
Кырманына дан толсун.
Сапырылтып бышканда,
Сабасында кымыз болсун.
Сайроонунда жарышып,
Сабалаган суу аксын.
Очок эне алоолонтуп,
Коломтодон от кетпесин.
Жолдошубуз кыдыр болуп,
Жолубуз ичкербесин.
Байгамбардын батасы,
Бай менен жалчыга,
Байымы болуп бир тийсин.
Чогултуп баккан койлорун,
Чолпон ата колдосун.
Камбар ата карышкырды,
Кабалаңда жолотпосун.
Баба дыйкан, Жер Эне,
Ата турган таңды тоссун.
Ага- тууган арыздашпай,
Ар дайыма бар болсун.
Кыйын күндө оомат келип,
Кырсык капшап жолобосун.
Куу турмушка бир келдик,
Курсагыбыз ток болсун.
Кыдырып жүргөн көңдөйдү,
Кыдыр Алей Салам бар.
Жаралгандан ак үмүт,
Жар болуп жалгашаар.
Жаман ойлуу жоголсун,
Жакшылары көп болсун.
Урмат күтүп ата-эне,
Уул үйлөп, кыз чыгарсын.
Улууларын кадырлап,
Уул-кыздары сыйласын.
Эчен кылым келаткан,
Элинен бак тайбасын.
Айдыңдуу элде аты бар,
Арбактар тынч уктасын.
Арсыз бала жаралып,
Атага наалат кетпесин.
Кары-картаң чалдардын,
Каргышынан алыс кылсын.
Атадан жалгыз туяк бар,
Андан тукум улансын.
Энеден ырыс кетпесин,
Эңсеген ойго тез жетсин.
Атадан ыйман кетпесин,
Арбакты дайым эскерсин.
Жамандын капшабы,
Жаамы журтка тийбесин.
Жакшыны кудай колдосун,
Жашоодо аман бар болсун.
Арып ачуу жоголсун,
Ачка пенде болбосун.
Ак эмгек менен жашайлы,
Бирөөнү кор кылбайлы.
Карынын баркын сактайлы,
Жаштардан ыйбаа кылалы.
Бөтөн эл тынчты албасын,
Жергеме сук артпасын.
Бугу эненин арбагы,
Уул -кызына жол ачсын.
Торгой ата айдыңы,
Тополоңдо сактасын.
Беккулу ата арбагы,
Бекемиреек чеп болсун.
Үч атадан жаралган,
Читать дальшеИнтервал:
Закладка: