Мирлан Калдыбаев - Бөбөктөр үчүн. Кыргыз эл жомоктору

Тут можно читать онлайн Мирлан Калдыбаев - Бөбөктөр үчүн. Кыргыз эл жомоктору - бесплатно ознакомительный отрывок. Жанр: Прочая детская литература. Здесь Вы можете читать ознакомительный отрывок из книги онлайн без регистрации и SMS на сайте лучшей интернет библиотеки ЛибКинг или прочесть краткое содержание (суть), предисловие и аннотацию. Так же сможете купить и скачать торрент в электронном формате fb2, найти и слушать аудиокнигу на русском языке или узнать сколько частей в серии и всего страниц в публикации. Читателям доступно смотреть обложку, картинки, описание и отзывы (комментарии) о произведении.

Мирлан Калдыбаев - Бөбөктөр үчүн. Кыргыз эл жомоктору краткое содержание

Бөбөктөр үчүн. Кыргыз эл жомоктору - описание и краткое содержание, автор Мирлан Калдыбаев, читайте бесплатно онлайн на сайте электронной библиотеки LibKing.Ru
Ар бир адамдын бала чагы жомоктор менен байланышкан. Жомоктор элдик ооз эки чыгармалык менен бирге пайда болгон жана ата-бабаларыбыз жомок аркылуу балдарына таалим-тарбия бере алган.

Бөбөктөр үчүн. Кыргыз эл жомоктору - читать онлайн бесплатно ознакомительный отрывок

Бөбөктөр үчүн. Кыргыз эл жомоктору - читать книгу онлайн бесплатно (ознакомительный отрывок), автор Мирлан Калдыбаев
Тёмная тема
Сбросить

Интервал:

Закладка:

Сделать

Экинчи күнү Суусулпаң эт бышырганга калат. Анын да Жез Тумшук мурункудай этин жеп кетет. Анда да ачка калышат.

Үчүнчү күнү Камыр балбан калып, эт бышырып отурса, Жез Тумшук келип:

– Эт берчи! – деп Камыр балбанга айтат. Анда Камыр балбан:

– Эт жебей, чок же! – дейт.

Ал экөө ошол жерден кармашып, Камыр балбан баягы темир таягы менен чабаарда, Жез Тумшук качып жөнөйт, тиги кууп жетпей калат. Ал кара үңкүргө кирип кетет.

Кечинде жолдоштору келгенде, Камыр балбан болгон ишти айтып үчөөнү ээрчитип, үңкүргө түшсө, бир ак үй бар экен. Ал үйгө кирсе, үч кыз ыйлап отурат. Баягы Жез Тумшук уктап жатат. Аны Камыр балбан таягы менен бир- эки чаап жиберее, тура калып кармашат. Үч кыз унчукпай отура беришет. Камыр балбан баягы Жез Тумшукту өлтүрүп, үч кыздан сыр сураса, ал үчөө зордуктап алып келген хандын кыздары экен.

Үч кызды Камыр балбан тышка алып чыгып, үч жолдошуна барып үч кыздын бирөөнү өзү алып, экөөнү Тоотолпоң менен Суусулпаңга берет. Айалпаң кур калат. «Үч кызды үчөөбүзгө бербейт», – деп үчөөнүн ичинен нааразылык чыгып, балбанды өлтүрмөк болушат. Аны балбан билип калып, үчөөнү тең кызылдай сабай турган болгондо, качып кетишет. Үч кызды балбан ханга кабар айттырып, шаарга барат.

Барса баягы үч кыз ошол хандын кыздары экен. Хан өзү хандыктан түшүп, балбанды хан көтөрөт. Ошентип, Камыр балбан хан болуп карыган ата- энесин багып калыптыр.

АЙЛАКЕР БАЛА

Илгерки заманда Багдад шаарында багар-көрөрү жок, бир тоголок жетим жашаган экен. Ал эл кыдырып тилемчилик жасап, өлбөстүн суусун ичип, өчпөстүн отун жагып, эптеп күн өткөрчү экен. Күндөрдүн биринде жетим бала адатынча эл кыдырып жүрсө, бир адам жолугуп: «Балам, кайдан жүрөсүң, атың ким?» дейт. Анда бала: «Атым – Айлакер, кайдан келгенимди, эли-журтумду билбеймин, ата-энем үч жашымда көз жумган дешет» дейт.

– Ээ, балам, эмне айла-амалың бар? Атыңды Айлакер деп ким койгон?

– Менде эч деле айла-амал жок, ата-энемдин койгон аты ушул экен.

– Эмесе, балам, баары бир ата-энең, багар-көрөрүң жок экен, мага бала болгун, – дейт.

Бала: «Жакшы болот, ата, сокурдун тилегени эки көз дегендей, менин тилегеним да ошол эмеспи» деп, ал адамга бала болуп жүрүп калды.

Күнү эшикте ойноп отурса атасы чакырып: «Ээ, Айлакер, сен мына бул бактын башында эмне бар экенин билесиңби?» дейт. Бала: «Билем, ата, анда ак сары деген куштун уясы бар» деди. «Эмесе, куш азыр уясында жатат, сен кушка билгизбей бир жумурткасын уурдап келгин» дейт. Айлакер бакка чыгып барып, кушка билгизбей бир жумурткасын уурдап келет.

Чал: «Эми кайра алып барып, жумуртканы уясына салып келгин» дейт. Айлакер бакка чыгып барып, кушка билгизбей жумуртканы уяга салып кайра келди эле, атасы: «Колуң эптүү, өзүң тири карак экенсиң, ишке жарай турган кебетең бар көрүнөт» дейт. Кечке маал болгондо атасы: «Мына бу жердеги абышка-кемпирдин үйүн билесиңби?» дейт. «Ошол кемпир-чалдын бир карын сарын майы бар. Аны же өздөрү жебейт, же кишиге бербейт. Түн ичинде уурудан коркуп, экөө ортосуна алып жатат, баргын да, ошону уурдап келгин» дейт.

Айлакер макул болуп, абышканын үйүнө жетип барат. Барса, чынында эле абышка-кемпир төшөгүн кенен салып, майды ортосуна алып уктап жатышкан экен. Айлакер жыла басып, төшөктүн жанына барат да, абышканын үнүнө окшотуп кырылдап, «кемпир, ары жат» деп кемпирди акырын түртүп коет. Кемпир арылап кетет. Андан кийин «абышка ары жат» деп кемпирдин үнүнө окшотуп, үнүн жасап абышканы түртөт. Абышка арылап кетет. Ушуну эле күтүп турган Айлакер карап турчубу, майды уурдап алып, чыгып кетет.

Аңгыча абышка ойгонуп калып, эки жагын сыйпаласа, карындагы май жок. Абышка өзү да жаш кезинде кыйын амалдуу экен, бул иштин Айлакер колдуу болгонун түшүнүп, төшөгүнөн дароо тура жүгүрүп, Айлакердин атасынын үйүнө жетет. Барса бала үйүнө жете элек экен. Абышка үйгө кирип, бир чаканы уурдап алып чыгып, эшиктин алдынан тосуп тура калат. Аңгыча Айлакер майды көтөрүп алып келип калды эле, абышка: «Келе, балам, майды мага берип, буга суу алып жетип кел» деп, шаштыра колундагы чаканы кармата койду. Бала: «Өзүмдүн атам экен» деп, майды берип, чаканы алып сууга жөнөйт. Жүгүргөн бойдон суу алып келип: «Мына, ата, суу алып кел дедик беле» дейт.

Айлакер алдатканын билет да кайта жүгүрүп, абышканын үйүнө жетет. Барса, абышка үйүнө жете элек экен. Үйгө кирип кемпирдин жоолугун алып, башына салынып, абышканы тосуп турат да, «Түлөөң курган чал, кайда кеттиң, эчкилериңди карышкыр кууп кетти» дейт. «Кайда кетти, ме майды» деп, абышка майды бере салып, эчкилерин издеп кетет. Айлакер болсо майды алып үйүнө келет. Абышка талаадан эчкилерин таппай кайта келсе, эчкилери короодо жатат. Аны көрүп кемпирине ачууланып: «Эчкини карышкыр кууп кетти дебедиң беле» дейт. Анда кемпири: «Сен эчкиге кеттиң беле, майга кетпедиң беле?» дейт. Абышка Айлакерге алданганын билип, өзүн санга бир чаап кала берет.

АКЫЛ КАРАЧАЧ

Илгерки заманда Каракан деген кан болуптур. Бир күнү Каракан өзүнүн кол астындагы элдерди чакырып алып:

– Менин сурай турган үч суроом бар. Ошол суроого жооп берген адамга ат башындай алтын беремин, – деп өзүнүн карамагындагы элдерге кабар кылат. Кандын мамлекетиндеги эл чогулгандан кийин:

– Биринчи, дүнүйөдө эмне таттуу? Экинчи, дүнүйөдө эмне катуу? Үчүнчү, дүнүйөдө эмне оор? – деп элге суроо берет.

Ошондо бир балыкчы чал:

– Мен табамын сурооңузду. Убадаңызды бузбасаңыз менин бир Карачач деген кызым бар, мен үчүн ошол айтып берсе болобу? – дейт.

Андан Каракан:

– Сиз үчүн кызыңыз айтып берсе болот, – дегенден кийин, экинчи күнү балыкчы чал кызын ээрчитип келет.

Кыз:

– Таксыр каным, «кандын суроосуна жооп бер», – деп атам ээрчитип келди, сурооңузду айтыңыз, жооп берейин, – дейт. Кан баягы cуроолорду берет. Карачач ойлоно калып чечмелеп кирет.

– Балдан ширин – жигиттин алган жары, таштан катуу – жокчулук, жокчулуктун зары. Чын убададан – оорду көрө албадым! Мен деңиздин жээгиндеги балыкчы чалдын кызымын. Картаң ата- энемдин менден башка баласы жок. Атамдын балыктан башка күндөлүк тапкан табышы жок. Мен атама жардам берип, деңиздин жээгинде атам менен жүрөмүн. Атам чал, энем кемпир, экеө мени «кызым, сенден башка көрөр күнүбүз, жыттар жытыбыз жок», деп дайыма мага жалынып, экөө ортосуна алып жатышат. Атам менен энеме менден жакыны жана аларга менден ысык нерсе жок экен го деп ойлочу элем. Эртең менен ойгонгондо карасам, мен четте жатып каламын, ошону көрүп бала канча жакшы, абдан ысык болсо дагы, эри менен аялдан жакын» боло албайт экен го деп ойлоймун.

Экинчи жокчулук таштан катуу экен деп айтканым, кайсы бир убактыңарда атам балыктын чабагын да ала албай, үйгө сабыры суз кайтат. Ошол убактыларда, үйгө атамдын курбу курдаштары келип калганда, тамак бере албай, «айжокчулук» деп, капаланып олтурган күндөрү болучу. Ошондуктан, жокчулук таштан катуу экен го деп ойлоймун.

Читать дальше
Тёмная тема
Сбросить

Интервал:

Закладка:

Сделать


Мирлан Калдыбаев читать все книги автора по порядку

Мирлан Калдыбаев - все книги автора в одном месте читать по порядку полные версии на сайте онлайн библиотеки LibKing.




Бөбөктөр үчүн. Кыргыз эл жомоктору отзывы


Отзывы читателей о книге Бөбөктөр үчүн. Кыргыз эл жомоктору, автор: Мирлан Калдыбаев. Читайте комментарии и мнения людей о произведении.


Понравилась книга? Поделитесь впечатлениями - оставьте Ваш отзыв или расскажите друзьям

Напишите свой комментарий
x