КАДЫР АБАКИРОВ - Алтын сандыктагы ырлар
- Название:Алтын сандыктагы ырлар
- Автор:
- Жанр:
- Издательство:неизвестно
- Год:2020
- ISBN:нет данных
- Рейтинг:
- Избранное:Добавить в избранное
-
Отзывы:
-
Ваша оценка:
КАДЫР АБАКИРОВ - Алтын сандыктагы ырлар краткое содержание
Алтын сандыктагы ырлар - читать онлайн бесплатно ознакомительный отрывок
Интервал:
Закладка:
Жар кыяда каркылдайт.
Кирген суу үнү бул кезде,
Кемер жактан шарпылдайт.
Айгыр үйрүн чогултуп,
Тынчсызданат эмнеге?
Тай-кунандар чогулуп,
Келип жатат желеге.
Булуттардан от ойноду,
Чарт этип асман жарылат.
Мөндүр түшөт окшоду,
Чөптөрдү басып калтырак.
САРАЙДАГЫ КӨРҮНҮШ
Сарай,
Сарай.
Тынчтык баскан сарай,
Оодарылган көң карарат.
Кашаа жактан ары карай,
Кандайдыр бир жыт аралайт.
Сарай ичи серүүндүктө
Тынчтык жашап ушул убак.
Желпий келип жел жүгүрсө,
Желпинет топ аткулак.
Чырк-чырк этип үн чыгат,
Сарайдын бир жеринде
Куш уясы болсо керек.
Кут таратып консо керек.
Малчы да жок бул жерде,
Малын айдап кетсе керек.
Жел эпкини чөптөрдү,
Желпип өтөт аралап.
Тынчтык чертет бир күүнү,
Тымызын гана сайраңдап.
Күүдөн тайбас улуу эмгек,
Күзүндө күргүчтөп башталат.
Саан койлор төлдөөчү убак жок,
Сарай азыр эс алат.
Мемиреген тынчтык менен.
Кошулуп согуп өткөн жел менен
Түн ичинде жылдыздарга кайрылат,
Жакшынакай дубай салам кабар менен.
БАЛАМА
Кызыгып улам-улам карадың,
Кызыл атчан баратканда сапарга.
Кызыл аты сонун бекен садага,
Кыр өйдөлөп кеттиң алыс жактарга.
Кызыл атчан жигиттей таңдантып,
Кымбат атты өзүң дагы минээрсиң.
Кызыктырып далай жанды карантып,
Кырды бойлоп күлүк минип келеерсиң.
ЖОЛДО
Алыска сапар чыккан болчумун,
Мага досум энчиледи жоргосун.
Жол жомогу токтобой уланат,
Жоргочон узак сапар жолдомун.
Жоргом дагы жол улоодо талыбай,
Жолду басып сапарладым бир далай.
Жорго берген досума да ыракмат,
Жол арбытып келетамын чарчабай.
КОШОМАТЧЫЛЫК ШТАТ
тамсил
Эшек кожоюнун өйдө-төмөн ташып,
Эпеңдеп жүрөт жумушка аралашып.
Ит берилүү менен үй кайтарат,
Короодон анча деле алыстабайт.
Чычкан майда баратты терип жейт,
Эрмек кылып бир нерсени кемирет.
Тоок жумуртка тууйт ап-аппак,
Кожоюну ыраазы болот аны санап.
Бөлүнгөн штат аны менен жанын багат,
Жээ мээнэттенип эмгектене тамак табат.
Бирок, ит дагы бир штат ачып алып,
Кожоюнга куйругун шыйпаңдатып.
Жаныбарлардын ызы-чуусу башталды,
«Ит кошаматчы, топ бузгуч».– аталды.
«Бизде кошаматчылык штат жок эле,
Бу бөлүмдү ачып, алды ал эмнеге?»
«Итиңизге көз салыңыз», – деп кожоюнга барышты,
Таксыр «Катуу койом»,– деди Мындан ары талапты».
Кожоюн жаныбарлардын өтүнүчүн эске алып,
Ит жылбай калды бир оорунга байланып.
Ал бир жерге гана байланып калды,
Бирок, ичет мурунку эле тамактарды.
Кайта жаныбарлардан чуру-чуу чыкты,
«Ит таштабай койду кошоматчылыкты».
Кожоюнга келишти алар кагаз алып,
Ит жөнүндө баягыдай арыз жазып.
«Куйругу кесилсин», – катуу койду талапты,
«Жоготуу керек, кошоматчы, арамзалыкты».
«Куйругу кесилсе, эле кошоматчылык бүтөт»,– деди,
«Баардык кемчилик орун алган денесинде береги».
Ошентип аткаруу үчүн ушул чечимди,
Иттин куйругу анан барып кесилди
Бирок, иттин куйругу кесилсе деле,
Денеси менен кошомат кылат алиге.
Жаныбарлардын арасында чуу башталды,
Мурунку токтом жарабады, жакпай калды.
Кошоматчылык дарт куйругунда эмес экен,
Ал залал орун алыптыр алигинин мээсинен.
Кошоматчылык кылган итти өлүмгө буйрушту,
Кичинекей чычкан аткарсын дешти буйрукту.
Ал итти өлтүрүүчү бир дары таап келди,
Аны билгизбей нанга кошуп итке берди.
Ит ошол замат өлүп жок болду,
Ал ушундай болмок болчу оболу.
Жер үстүнөн дагы бир кошоматчы тазаланып,
Жаныбарлар калышты таза абадан дем алып.
Адамдарда кошоматчылык болбосун,
Алиги өлгөн итке такыр окшобосун.
КЕҢЕШ
«Чоң болом» – деп чочоңдоду оң колум,
«Бай болом» – деп, сороктоду сол колум.
«Койгулачы!» – Мен аларды тыя албай,
«Кокуйлап» -кыйналдым го бир далай.
Эч ким жокто эки жакты карадым,
«Келгиле! Акырындап кеңеш айттым:
Чоңдордон жыргал көрө элекпиз
Байлардан пайда тапкан эмеспиз».
Чочондогон экөөнө дарс айттым
Акыл салып акырындап жайгардым.
Андан көрө илим менен жанды бак
Эмгектенип калк ичинде жолду ач.
ЖАШТЫГЫМ-КЫШТАК
Автобуста баратамын кечинде,
Алдыман чыгат кыштактар.
Жашыл тоонун этегинде
Жаштыгым калган кыштак бар.
Автобус барат аркырап,
Артымда калат кыштагым.
Кырдан аша береерде,
Кылчак-кылчак караймын.
ҮМҮТ
Ала карга үшүп бакта отурат
Тоңуп калган бутактарды чокулайт
Yнүнөн мындай деген дарс окулат:
«Кыш суук жазга чейин дагы алыс,
Аман болсок ага да жетип алабыз».
ЖАЛГЫЗ КӨПӨЛӨК
Карарган чоң таш теп-тегерек,
Yстүндө көлчүк. Асман көп-көк.
Анда калкылдап желде термелет,
Арманда өлгөн жалгыз көпөлөк.
Ал көпөлөк тап -такыр учпайт,
Бийиктик асман менен көкөлөп.
Эсимен такыр кетпей калыптыр
Арманда өлгөн жалгыз көпөлөк.
Көпөлөк жаш наристе болбосун,
Тагдыр кап кара таш болбосун.
Тагдыр деген кээ бирде оор болот,
Ары-бери кадам жасап ойдолойт.
Аңгыча шамал боло баштады,
Көпөлөктү учурду башка жакка.
Ар адамга сапарлап жылып келген
Тагдыр дагы, өмүр дагы башкача.
КАРЫ
Кары отурат таш үстүндө
Кайрылып улам өткөнгө.
Шарактап өмүр өтүүдө,
Шамал учуп бу дүйнөгө.
Карянын өткөн өмүрүнөн,
Толкун сого шарпылдайт.
Жакындап күз күнүнүн,
Шамалы уруп салкындайт.
ЖЕР КЕПЕ
Биз турганбыз жепирейген кепеде
Бөлмөсү бар кичинекей эки эле.
Ал үйгө азап болот батмагы
Алыстан конок кара келгенде.
Ак сүйүүбүз эң алгач башталган
Ушул бөлмө экөөбүзгө чап-чакан
Жетсек дагы далай сонун үйлөргө.
Жер кепени унутпайбыз эч качан.
ЖАЛГЫЗДЫК…
Баратам кең талаада өзүм жалгыз
Ойлогон ойлорум, жетим жалгыз.
Жеп ичкен хан дагы өзү жалгыз.
Жерди саткан жетекчи жап-жалгыз
Бийиктикте тийип турган күнүм жалгыз
Жабырлаган жакырлыктан элим жалгыз
Ханы жаман журт жалгыз…
Талаада сапарлаган өзүм жалгыз.
Бирок дагы жалгыздыкты жөн коёлу
Андан көрө караламан элди ойлойлу,
Ойлончу элим бириксек жалгыз болбойбуз!
Ошондо арбып жеңишке жеткен болобуз.
2010-жыл
ГҮЛ ӨНӨТ
Тереземен жылып кирип акырын
Айдын нуру жүрөгүмө төгүлөт.
Акак түстүү айдын аппак нурунан,
Ардагыма жүрөгүмөн гүл өнөт.
Тереземен жылып кирип акырын
Жылдыз нуру жүрөгүмө төгүлөт.
Жылдыз нурун жүрөгүмө төккөндө
Жылдыздуума жүрөк гүлү көрүнөт.
АЙ, ТАЛАНТ!
Келечектин көчүн баштап баратып,
Өткөн күндүн музаларын кайталап.
Конец ознакомительного фрагмента.
Текст предоставлен ООО «ЛитРес».
Читать дальшеИнтервал:
Закладка: